Ажо чаласабат Абыкеев менен Букуевге таянбай, чыныгы адистерден кеңеш алса

Адатта ажонун жанында абройлуу, акылман адамдар болушу керек. Ириде бай тажрыйба, терең билим менен кеңеш айтышса, “жандооч кийик аттырат” дегендей, туура жолду көрсөтүшмөк. Тилекке каршы, Садыр Жапаровдун жанында чаласабат жазмакер Чолпонбек Абыкеев менен Медетбек Букуев отурса, кандай элестетип атасыңар? Мамлекеттик деңгээлде кеңеш айта алышабы? Эрксизден жылмаясың да. Ойлоп көрсөң, азыр деле кеч эмес, Садыр Жапаров айланасына кыраакы, тажрыйбалуу адистерди тирөөч катары пайдаланып, мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө иштетсе. Кадр саясаты жыргап кеткен жок. Бир топ кошоматчы, “шалапайларды” кетириш керек. Барган сайын команданы күчтөнтүп, чыныгы профессионалдарды тартса, өр таянып, жүрүшү да жеңилдемек. Туура сунуш туурдан орун алабы?
Реалдуу акыл калчап көрсөңөр, эки жарым жылдан бери Абыкеев менен Букуев эмне ийгилик жаратты? Чын эле, булар кыйраткан иш кылыштыбы?..
"Азия Ньюс" гезити