Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдыкерим Муратов: «Молло Нийаз – жалпы Борбор Азия тарыхында өз орду бар акын-агартуучу»

Абдыкерим Муратов: «Молло Нийаз – жалпы Борбор Азия тарыхында өз орду бар акын-агартуучу»

22-март, 22:17
708 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Абдыкерим агай, кыргыз адабиятында өз орду бар, бир кезде чыгармаларын басууга, окутууга, жайылтууга тыюу салынган Молло Нийаздын быйыл 200 жылдыгы белгиленет. Сиз адабиятчы-агартуучу катары ал кишинин анчалык такталбай жаткан туулган жана каза тапкан мезгили тууралуу окурмандарга айта кетсеңиз?

-- Молдо Нияз Эрназар уулу, же илгеркиче айтканда Молло Нийаз мындан эки жүз жыл мурда – 1823-жылы туулган деп жазылып калды. Бул дата балким так эместир, бирок жыл сүрүштүрүп, кимден канча жаш улуу-кичүү экенин, эскиче жаныбарлар менен белгиленген жылы кайсы экенин тактап отуруп, ушул дата табылган экен. Эми балким дагы такталат, же туура эле болушу мүмкүн. 

Кадамжайдын тоо тарабында айтылуу Шаймарданга кеткен жолдо Кызыл-Булак кыштагы бар, ошонун Кара-Дабан деген кыштоосунда туулган. Ичкиликтердин найман уруусунун кошон уругунан болуп, несилинде бийлер, чоң молдолор, диний аалымдар өткөн. Бир тууганы Жусупаали жүз башы эл башкарган. Анын каза тапкан жылы ушул күнгө чейин ар түрдүү айтылып жүрөт. Китептерде, айрым макалаларда 1896-жыл деп, кээ бир булактарда 1886-жылы, 1898-жылы, 1900-жылы деп жазылып келет. Ташкен архивинен карап отуруп, ал кишинин ысымы XX кылымдын баш жагында да тирүүлөр тизмесинде кездешкенин, демек, анын каза болгон жылы кийинирээк экенин тарыхчы-архивчи Кыяс Молдокасымов айтып чыкты. Жаназасына көп адам туруп, сөөгү мусулмандар үчүн ыйык деп аталган Шахи-Мардандагы (Шаймердан) сахабалардын бири Азирет Аалынын сөөгү коюлган деген уламыш айтылган, кийин өзбек совет адабиятынын баштоочусу Хамза Хаким-заада Ниязинин күмбөзү орнотулган көрүстөнгө коюлган. Азыр ал Молло Нийаз туулган айылдан анчалык алыс эмес жер Өзбек Республикасынын Фергана облусуна карап калган.

-- Ал кишинин өз кезегинде аябай билимдүү болгондугу айтылып келет...

-- Албетте, көктөйүнөн такыба мусулмандардын чөйрөсүндө өскөн, бешинчи атасы Молдо Рахман чоң диний аалым болгон. Жаш чагынан эле айылда исламий адабияттарды окуй баштап, кийин Каратегиндеги (азыркы Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусу) медреседе окуйт. Андан кийин Кашкар шаарында, азыркы Кытай Эл Республикасынын Шыңжан аймагында билим алат. Кашкар исламий билим журту тээ Махмуд Кашкарлыктан тартып эле кожолордун авлади катары урпактан урпакка шарият жолун, ислам дининин теориясы менен тарыхын тааныткан. Кийин кайра Фергана өрөөнүнө кайтып, Маргаланда, азыркы Фергана облусунда медреседе окуусун улантат. Маргаландагы медреселерде кыргыздар көп таалим алган, алардын бири Кокондун акыркы ханы Полот кан, Исхак Хасан уулу, же жөн гана Исхак молдо, кыргызчасы Кадамжайдын Охнасында туулган Ысак Молдо. Анын атасы Хасан, же кыргызчасы Асан ошол Маргаландагы «ак медреседе» мударис болуп иштеген. Ушундай жерлерде окуган Нийаз куранды чечмелөө, араб филологиясы, фарсий филологиясы, түрк (чагатай) филологиясы, наху (тил грамматикасы), тарыхый жана географиялык булактар (араб, фарсий, түрк тилдериндеги илимий эмгектер), адабият (поэзия), математика, филсафий илимдер, астрономия деген предметтерди окуган, арабча туура жана сулуу жазуу (каллиграфия), куран жаттоо ык-машыгууларынан өткөн. Ошондон кийин гана “молдо” деген кошумча наам анын атына кошулуп Молло Нийаз деп даңазаланган. Каратегин, Кашкар, Маргалан – үч жерде окуу, үч кыл элде болуу, фарсы, араб, чагатай – үч тилде окуй жана жаза билүү анын өз мезгилинин өтө илим-билимдүү инсан болуусуна шарт түзгөн. Бирок муну менен эле аны жазма адабияттын баштоочусу, биринчи агартуучу катары айтканга болбойт, андан билимдүү адамдар ага чейин да болгон, кеп алардын аты анчалык белгилүү болбогондугунда. 

-- Молло Нийаз жазгыч акынбы, же төкмө ырчы болгонбу?

-- Бул суроого жооп берүү үчүн анын мурастарынын биздин күнгө жетиши тууралуу кеп кылалы. Ал ырларын дептерлерге жазып жүргөн жана аларды көп нускада көчүрүп элге тараткан, бул ишке медресенин талабалары да жардам берген сыяктанат. Ошондой кол китеби көп болушу мүмкүн, ондой деп айтылып жүрөт, алардан бизге үчөө гана жетти. Азыр академиянын кол жазмалар фондунда ошол үч кол китеби жана бир кошок жазылган чоң барак бар. Биринчиси тууралуу Болот Юнусалиев 1951-жылы Фрунзе, азыркы Кадамжай районунун Охна айылынын тургуну Баит Исмаилов дегенден уккан, бирок таба алган эмес, анын кол жазманын тагдырына кызыгып жүргөнүн билип, кадимки Азиз Токтобаев ар кайсы мезгилде ал Абдыкадыр Орозбековдун жардамчы-катчысы, Өзбекстанда Анжиян, Ташкент обкомунун биринчи секретары болуп иштеген. 1949-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алган, түбү кадамжайлык кыргыз болот, ошол киши таптырып, Болот агайга берген. Бул 1956-жыл эле, анда Азиз Токтобаев «Кызыл-Кыя көмүр» кен башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп жүргөн. Ошол кол китеп Б.Юнусалиев тарабынан 1957-жылы академиянын кол жазмалар фондуна өткөрүлгөн. Бул – биринчиси. Дагы бир дептерди 1962-жылы кызыл-булактык Эрмек деген молдодон Ысык-Көлдөн барган мугалим Камбарбек Сыдыкбаев алып, академик Болот Юнусалиевге берген. Үчүнчүсүнүн дайынын элдик этнограф, жеркезер Тайтөрө Батыркулов кабарлап, «Ала-Тоо» журналынын 1989-жылдагы биринчи санына эки ырын бастырган, бул дептерди ошол кездеги УИАнын тил жана адабият институтунун директору Абдыганы Эркебаев Чоң-Алайдагы Жайылма кыштагынан Аманилла Азимовдон алып, 1988-жылы кол жазмалар фондуна каттаткан. Ошол үчөө бириктирилип «Молло Нияз: Санат дигарасттар» деген ат менен Омор Соороновдун азыркы тилге оодарышында 1993-жылы жарык көрдү. Ырлардын кыргызчаланышына Р.Зулпукаров, Кадыралы Коңкобаев, Мустафа Качалин жардам берген. Мына ушул китеп аны талашсыз жазгыч акын катары таанытат. Бирок анын төкмө болгон-болбогону анча кеп кылынбайт. Менимче, ал жазгыч акын гана эмес, төкмө да болгон. Ошол кезде биргелешип шерине жешүүнү Молло Нийаздар жакта «төкмөй» деп коюшчу экен, бизде «отуруш», «гап жемей» дейбиз го? Ошондо союлган койдун этин жолбун ит келип жыттап койгондо Молло Нийаздын дароо ырдап ийгени бар. Дагы бир ушундай төкмөлөрдө жалаң эркектер отурган жерге келип алчу Дүржан деген келинди: 

Эралы сийгек эселек

Эри болду Дүржандын.                                

Көрүнгөндүн чапаны

Көрпөсү болду Дүржандын.

Чатыр-Ташты айланып,

Сууга түштү Дүржаның.

Суук сууга көп түшүп,

Тиши ооруду Дүржандын.

Төкмөчүлөр аш берсе,

Ичи ооруду Дүржандын- деп ырдайт. Дүржан ага жооп кылып:

Молло Нийаз кайнага,

Кайиба менин жаныма.

Калла толот тамыңа” деп какшык менен жооп бериптир.

Келиндин айтканы боюнча Молло Нийаздын отурукташкан Ак-Кыя айылы Шаймарданга жакын болгондуктан, зыяратка келген өзбектер эчки, улак, кой союшуп, аларынын баш-шыйрагын казанга салбай, ак-кыялыктарга калып калчу экен. Ошол кырдаал Молло Нийаз менен Дүржандын кордоо айтышында чагылдырылган. Демек, акын айтышып аткандан кийин аны төкмө-импровизатор болгон деп айтууга негиз бар. Бирок баардык эле кыргыз төкмөлөрүнүн жанында шакирттери, же сөз баккан адамдар жүргөн да, алар төкмөнүн кайсы бир жерде, кайсы бир тойдо ырдаганын, айтышын өздөрүндө сактап жүрүп, кийин айтып берип, кагазга же тасмага түшүрткөн. Молло Нийаздын тегерегинде да ушундай эс-тутуму бекем адамдар болсо да, убагында Каюм Мифтаков сыяктуу фольклор жазгычтар барып, алардан жазып алышкан эмес. 

-- Эмне себептен?

-- Себеби көп. Башкы себеби – анын айылы борбордон алыста болуп, фольклористтер, жыйноочулар кыдырып барган эмес. Экинчи себеби – анын ырлары ислам дининин шарияты менен сугарылган, падышалык Орусиянын баскынчылык саясатына каршы турган. Ошон үчүн «заманачы» багытына киргизип, «заманчы» кылып, советтик идеологияга анын жазгандары туура келбейт деп «кара кутуга» салып таштаган.

-- Эмне үчүн аны «заманачылар» тобуна киргизген жана чыгармаларын басууга тыюу салышкан?

-- Молло Нийаз диний билим алган, такыба, аалым киши болгон дебедикпи. Ошондуктан ал өз заманындагы адамдарга баа берүүдө ислам шариятынын жоболору, заңдары менен караган. Бул жагынан Акмат Йассави менен чыгармачылыгы окшоп кетет. Экөө тең араб, фарс, чагатай, түрк тилдеринде ырларды жазып, өздөрү түрк уулу болуу менен араб-фарсий-түрк тилдеринин айкалышкан поэтикалык синтезин жаратуу менен түрк элдеринин руханий маданиятын бир баскычка, олуттуу даражага көтөрүшкөн. Акмат Йассавинин, кыргыздар атагандай, Кулкожо Акматтын «Диван-и-хикмет» («Акылмандыктын китеби») деп аталган поэтикалык китеби, же жөн гана көпчүлүк билгендей «Хикметтер» («Экметтер») топтому анын көз карашын ачыктайт. Эгерде жалпы исламда асмандагы Алла Таала менен пайгамбарлар гана пикирлеше алышса, булардын сопучулук окуусундагылардын киргизген жаңылыгы Жараткан менен ак жолдо жүргөн ар бир мусулман пендеси жакындашса болот, анүчүн ал адам акыйкатты кууп, сүкүт сактап, бул дүйнөнүн жыргалынан баш тартуусу керек. Молло Нийаздын бир катар ырларында ушундай, бирок системдүү эмес. Кыргыз акыны Молло Нийаз түркстандык Кулкожо Акматтын «Диван-и-хикмет» китебин окуп, талдап, жакшы өздөштүргөнүн баамдоого болот. Андагы ойлорду жаңы шарттарга, коомдук-социалдык кырдаалга байланыштуу өнүктүрдү. 

Элдик фольклордук булактарды, ислам окууларынын идеяларын өзүнүн тажрыйбалары, көрүп-билгендери менен синтездеп отуруп, Молло Нийаз XIX кылымдагы кыргыз адабиятынын ири өкүлү, акын-этнопедагог катары кыргыз тарыхында гана эмес, жалпы Борбор Азия тарыхында өз ордун ээлеп калды. 


Мамат Сабыров 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер