Кытайлык кыргыздардын тобу “Токтобүбү Оргалчанын өмүр баянын текшерүү керек” деген кайрылуу таратышты


Маалымат агенттигинин дарегине өздөрүн “кытайлык кыргыздарбыз” деп атаган топтон кыргыз коомчулугуна “Жогорку Кеңешке талапкер Токтобүбү Оргалчанын турмуш жолун дыккат текшерүү керек” деген анонимдүү кайрылуу келип түштү. Кайрылууда “Токтобүбү Оргалчанын өзү тууралуу көрсөткөн маалыматтары күмөн жаратат” деп айтылган. Кайрылуунун урунттуу жерлерин кыскартуу менен жарыялайбыз.
“Кытайдан көчүп келген кыргыздардын саны азыр аябай көп. Кыргызстанда жаштары, карыларын эсепке алганда 5000ден ашык. Алардын көбү жарандык алышкан. Калганы вид на жительство (кытайча “лю ка” дейт) менен жашашат. Кытайда 200 миңге жакын кыргыз бар. Эми кечээки соцтармакта дүң болуп жаткан Оргалча Токтобүбү жөнүндө кеп кылсак, бул аял Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусунун Ак-Чий ооданын Кулансарак деген айылынан болот. Билими 8-классты бүткөн” деп жазылат.
Кайрулууда Токтобүбү Оргалчанын жердештери аны, тилекке каршы, жакшы эмес жагынан таанышарын айтышып, Кытайдан көчүп келген кыргыздардын татыктуулары буга чейин Жогорку Кеңеште мыкты иштегенин билдиришет.










