Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Операцияга, же дарыланууга акча чогултуу көбөйүп баратат, бул өкүнүчтүү!”

Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Операцияга, же дарыланууга акча чогултуу көбөйүп баратат, бул өкүнүчтүү!”

31-март, 12:00
3 466 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акыркы убактарда оорулуу балдарга, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө элден акча чогултуу күчөп кетти. Бул жагынан мамлекеттин камкордугу качан көрүлөт?

-- Ооба, акыркы убакта операцияга жана дарыланууга муктаж болгондорго акча чогултуу күн сайын көбөйүп баратат, бул өкүнүчтүү! Көбүнчө операциялар Кыргызстанда жасалбайт, чет өлкөлөрдө, атап айтканда, Түркия, Индияда. Ошон үчүн колунда жокторго эл акча чогултууга барышат. Менимче, бүгүнкү күндөгү шартта муктаж болгон ар бир адамга мамлекет азырынча жардам бере албайт. Бирок, саламаттык сактоо тармагын реформалоого, чет элдик инвесторлор акча сала тургандай шарттарды түзүүгө убакыт келди. Бизге чыныгы медициналык камсыздандыруу керек. Сиз экөөбүз бир гана дарыгерди эмес, бара турган оорукананы да тандашыбыз шарт. Ошентип, камсыздандыруу төгүмдөрү бейтаптардын жана жарандардын кассалык эсептеринен алынат. Оорукананы жекеби, мамлекеттик болобу, жаран өзү тандашы керек. Ал ортодо чогулган миллиондор чет өлкөгө кетип, жардамга муктаждардын аз гана пайызы дарыланууда. Бул бүгүнкү күндүн кейиштүү чындыгы.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер