Акыркы кабарлар
» Саясат » Жалал-Абад облусунун башчысы Сатыбалдиев президентке шек келтирди
Жалал-Абад облусунун башчысы Сатыбалдиев президентке шек келтирди
09-ноябрь, 21:55
1 241 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ноокен районунун бир көчөсүнө канкор Курманбек Бакиевдин ысымын ыйгарып салышканы бүтүндөй коомчулукту нааразы кылды. Качан гана соцтармактарда көпчүлүк түп көтөрүлгөндө Жалал-Абад облусунун губернатору Кыянбек Сатыбалдиевге тил бүтүп, Бакиевдин көчөгө берилген ысымын кайра кайтарып алуу боюнча айтты. Кызык, эл реакция бербесе жергиликтүү бийлик билген боткосун чалып, ашмалтай жоруктарын уланта беришет беле? “Жандооч кийик аттырат” деген кыргыздын макалы бар эмеспи. Тилекке каршы, Кыянбек Сатыбалдиев президент Сооронбай Жээнбековго таяныч болгондун ордуна шек келтирип, тескери иштеп атканы кандай? Бийликтин рейтинги мына ушундай чала сабат кадрлардын “кашайганынан” түшүп атат го... Буга чейин да губернатордун артында чыр-чатак, элдин нааразычылыгы айтылып келген. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин көз жумду мамиле болуп келатканы түшүнүксүз.
Бөлүшүү:
Aryba.kg