Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыз жергесиндеги жолугушуулар: Урхо Калева Кекконен Кыргызстанда

Кыргыз жергесиндеги жолугушуулар: Урхо Калева Кекконен Кыргызстанда

18-июль, 21:56
279 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1977-жылдын 19-майында Финляндиянын президенти Урхо Калева Кекконен расмий түрдө Кыргызстанга келип калды. Республиканын борбордук көчөлөрүнөн ардактуу мейманыбыз У.К.Кекконенди коштоп жүрүүчү мотоциклисттер, артынан машиналар кортежин расмий резиденцияга чейинки аралыкта, кооздолгон Финляндия республикасынын, Советтер Союзунун жана Кыргыз Республикасынын желектери илинип, “Кош келиңиз, урматтуу президент!” деген транспоранттар финн, орус жана кыргыз тилинде жазылып, шаардын шаңын көтөрүп турду. 

“Манас” аэропортунан дипломатиялык протоколго ылайык республиканын биринчи жетекчиси катары улуу даражалуу Финляндиянын президентин кыргыз жерине келишин алгачкы жолу куттуктап, ага атайын даярдалган “Чайка” автомашинасына отуруусун өтүндүм. Алар менен чогуу келе жаттык. Айдоочунун жанында президенттин коопсуздугуна милдеттүү болгон генерал, менин алдымда кыйгачынан коюлган кичинекей отургучта котормочу жай алды. 

Мезгил май айынын экинчи жарымы болгондуктан, президенттин Кыргызстанга келиши эң ылайыктуу гүлдөгөн, жылуу убакка туш келди. Аэропорттон резиденцияга чейинки аралык отуз чакырымдай. Жаңыдан пайдаланууга берилген кооз жол, жээктете тигилген ар түрдүү кооз бактар көз жоосун алат. Бак-дарактардан арыта караганда, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жапжашыл талаа мейкиндиги көзгө даана урунат. Президент жолду карай терезеге үңүлүп, үн дебей алаксып баратты. Бир кезде мага кайрылды. “Секретарь мырза, быйылкы жылы акыркы кар качан жаады?” деп. “Кар менен январь айынын аягында коштошконбуз, андан кийин жааган жок. Март, апрель жана май айларында жетиштүү жаан болуп турду” дедим. Президент күлкүсү келе жылмайды. “Мен бир жума мурун Финляндиянын түндүк жагында жайгашкан Лифляндияда лыжа тээп, эс алып келдим. Карабайсызбы, бир континеттеги климаттын ар түрдүүчө жаралган кызыктуулугун” деди

Жанында жакын отуруп баратып, жакшы ой санаа менен анын турпатына суктанып турдум. Келишкен узун бойлуу, арыкчырай, чыйрак, баскан-турганы тың, көргөн адамдар анын жашы 76да десе эч ким ишенмек эмес. Кийинчерээк СССРдин Финляндиядагы элчиси В.С.Степановдун: “Президент Кекконен күн сайын спорт менен машыгат, ден соолугу мыкты дегенин угуп калдым. Адамдар менен мамилеси жөпжөнөкөй, ачык-айрым. Сүйлөшө келгенде, анын юморлуу сөздөр менен аралаша жашагандыгы сезилип турду. Айрым учурларда анекдотторду өзүнүн ишиндеги жетпеген жактарын, кетирген каталыктарын, ийгиликтердин болуп-болбой калган жерлерин чукуп, азил аралаш кеп кылып айта берген жакшы сапаты бар экен. Бу жерде сактануучу, коркунучтуу жасалма эчтеке жок. Кандай президенти бар экендигин жалпы эли угуп, күлүпкуунап калсын да. Мындай сейрек адамдар күчтүү эркке, эбегейсиз акылдуу жана таланттуу кулк мүнөзгө эгедер” дейт Турдакун Усубалиевич. 

Дагы бир кызык жерине токтоло кетели дейт элчи В.С.Степанов. Жакындап келе жаткан президенттик шайлоого парламенттин мүчөлөрүнөн кайчы пикир жаралып калды: бирөөлөрү Кекконенди жашы улгайып калгандыгына байланыштуу, ал милдетин жакшы аткара албайт, анын кандидатурасын колдой албайбыз десе, экинчилери “жок, андай эмесКекконенди жаңы шайлоого сунуштайбыз, ал акылман, ыраакты көрө билген, ден соолугу мыкты деген талаш-тартышка түшөт. Парламенттегилер аягында бир бүтүмгө келишип, дарыгерлердин чыгарган жыйынтыгы боюнча талаш маселеси чечилсин (!) деген бир бүтүмгө токтолушат. 

Аны уккан Кекконен дарыгерлердин жалпы текшерүүсүнөн өткөнгө ынтызарланыпалардын чыгарган чечимине макулмун, менин ден соолугумдун бекем болушуна аракеттенген парламенттин жана өкмөттүн мүчөлөрүнө ыраазычылыгымды билдирем дейт. Врачтардын көптөгөн анализдердин аныктоосу боюнча “Кекконендин ден соолугу жакшы, 20 жашка жаш көрүнөт деген тыянагы негизделип, аны дагы кийинки чакырылышка бир добуштан шайлап алышат. 

Урхо Калева Кекконенди жана аны коштоп жүргөндөрдү кыргызстандыктар ата-бабанын калыптанган салты менен эң жогорку мамлекеттик деңгээлде, ардактуу конок катары жолугушуу салтанатын мыкты уюштуруп жатышты. 

19-май күнү Кыргыз мамлекеттик Ленин ордендүү академиялык опера жана балет театрында президент Кекконенге арналган кыргыз искусствосунун чеберлеринин чоң концерти тартууланды. Концерттин биринчи жана экинчи бөлүгүндөгү танапис маалында президент мага карап, “сиздердин артисттер кайдан окуп, кайдан тарбияланды?” деген суроону узатты. Өзүбүздүн республикадан эле деп жооптодум. Бизде орто музыкалык окуу жайы, хореографиялык окуу жайы, искусство институту иштейт. Көпчүлүгү жергиликтүү окуу жайларыбыздан таалим алышкандар, айрымдары Ташкент, Алма-Ата, Ленинград, Москвадан билим алгандар. Бүткүл союздук конкурстан Москвадан жеңип чыккандары, Италиянын Милан шаарындагы “Ла-Скала” театрынан стажировкадан өтүп келгендери бар” дедим. Президент Кекконен концерттен уккан, көргөндөрүн ыраазы боло кеп кылып, “өз алдынча өнүккөн сиздердин жетишкендигиңиздер башка элдердин дагы маданиятынын өркүндөшүнө өбөлгө түзөт” деди. Республикабызды чогуу кыдырып жүргөнүбүздө Кекконен көп тамашалуу окуяларды туурап, айтып күлдүрүп жатты. 

Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнө барып, чыгарып жаткан өнөр жайдын, айыл чарбасы өндүргөн продукцияларын көрүп чыкты. Коноктор, көргөзмөдөгү Кыргызстандын илим-билимдин, транспорт, байланыш жана маданияттын өнүгүшүндөгү республиканын деңгээли менен таанышты. Керектелүүчү жана техникалык товарлардан финндерге кызыктуусу уй чарбасы болду. Семиз кочкор-букалар жана айгырлар президенттин жана анын коштоочуларынын жанынан өтүп жатты. Кочкорлордун мойнундагы кызыл жибек лентадагы медалдарын көргөн президенттин артында отурган финндик коомдук ишмер Арие Сааринен “булар социалистик эмгектин баатырларыбы?” деп тамаша-какшык аралаштырып сурап калды. Мен дагы тамашага көңүл бөлүп, шар эле Арие Сааринен мырза, сиз абдан туура байкап айттыңыз. Өндүргүч кочкорлор он миллион асыл тукум койлордун баатырлары” деп жооп бердим. Биздин сөздү уккандардын баардыгы күлүп калышты. Кочкорлорду карап туруп президент дагы жылмайды. Көргөзмө уланып жатты. Конокторго уяң жүндүү, жарым уяң жүндүү жана узун чубалжыган ак жүндүү жибек сымал, килем токууга табылгыс “алай породасын”, ар түрдүү бизде өстүрүлгөн асыл тукум жылкыларды, уйларды көргөзүштү. 

Түшкү тамактануудан кийин ардактуу мейманыбызга кара-күрөң тукабадан улуттук салттагы тигилген чепкен, аппак койдун жүнүнөн жасалган, жээги чепкенге окшош түр менен кыйоологон ак калпак кийгиздик. Биздин тартуулаган белектерибизди кийип алып, президент жылмайып туруп, “эгерде Хельсинкиден өтүп бара жатып ушундай өзгөчө кооз кийинген адамды көрсөңөр, анда ал мен – президент Кекконенмун” деди

Президентти коштоп жүргөн мамлекеттик бир жооптуу кызматкерди сыйлап, ак калпакты кийгизери менен “сиздер ойлобоңуздар, Хельсинкиде ушундай жакшы баш кийимди кийген жалгыз эле президент экен” деп тамашалап жатпайбы. 

Чолпон-Атада президент ипподромго барып, улуттук ат оюндарын, балбан күрөштү, кыз куумай, тыйын эңмейди кызыгып көрдү. Ал “Кыргызстанга кыска мөөнөткө келип, көп нерселер менен тааныштым деп жылуу маанайда кат жазып жиберген: 

“Урматтуу Биринчи секретарь мырза! Сиздердин эстен кеткис өлкөңүздөргө барып, ошондогу тартылган фотоальбомду салып жибергениңизге чын жүрөктөн чыккан ыраазылыгымды билгизүүгө уруксат этиңиз

Чын пейлим менен, Урхо Кекконен 

Кыргызстан Компартиясынын Биринчи секретары Т.У.Усубалиев мырзага!

Фрунзе шаары. 

Азыр ушул саптарды жазып жатканымда президент Кекконен жок. Ал түбөлүк жайына аттанып кеткен. Бирок, анын жаркын акылман элеси элибиздин эсинде сакталып калды. 

1977-жылдын 26-майында У.К.Кекконендин финндердин телекөрүүчүлөрүнө берген интервьюсуна токтоло кетсек: 

Кыргызстан өзүнчө өзгөчөлөнгөн тоолуу өлкө. Жеринин үчтөн экисин тоолор ээлейт. Ал жерде 3,3 миллион адам жашайт жана ушул кылымдын баш жагында, көчүп-конуп жүргөн көчмөн уруулардан болгон. Жергиликтүүлөрдүн айтканына караганда, үстүбүздөгү жүз жылдыктын баш жагында элинин 98%ы сабатсыз экен. Республикада 10 миллион кой бар, жылкы чарбасы жакшы өнүккөн. Борбору Фрунзе шаарында жарым миллиондой адам жашайт жана эң кызыгы, сабатсыздыкты жоюуга 1924-жылдан баштап киришип, окуп-жазганды үйрөнө баштаган. Ошол жылдарда биринчи жолу кыргыз тилинде китеп чыккандыгы алардын таңкаларлыктай сабаттуулугу тез өнүккөнүнөн кабар берип жатпайбы! 

Кыргызстандын экономикасы жалаң мал чарбачылыгына эле байланып калган жери жок. Өнөр жайынын көпчүлүк түрлөрү өнүгүп, эчак эле алдыга кеткен. Башкаларын айтпай эле коёюн, Кыргызстандын өнөр жай көргөзмөсүнөн космосту изилдөөгө, космостук кораблдин айрым тетиктери Кыргызстанда жасаларын укканда, таңкалганыбызды сурабай эле койгула. 

Кыргызстан кургак зонадан орун алган өлкө болгондуктан, сугат иштерине көп көңүл бурулат. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү жакшы. Кыргыздар тагдырына ыраазычылык менен жашаганын аралашканда билинип турат. Биз опурталдуу улуттук ат оюндарындагы, 81 жаштагы арыкчырай адамдын байгелүү болгонун көрүп таңкалдык


(Уландысы кийинки санда)

Мырзабек Касымалиев

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер