Дастан Бекешов: “Жалган маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам жомок бойдон калат”


Коомдо нааразы пикирлерди жаратып келген “Жалган маалыматтан коргоо” мыйзамы 24-августтан тартып күчүнө кирди. Долбоорго каршы чыккандардын бири Жогорку Кеңетин депутаты Дастан Бекешовдун айтымында, бул мыйзам иштебейт.
-- Дастан Далабаевич, жалган маалымат жазгандарды тыюу мүмкүнбү?
-- “Жалган маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам – жомок. Интернетти көзөмөлдөө мүмкүн эмес, аны эч ким тыя албайт. Ушундай кичинекей бюджет менен биз кантип интернетти көзөмөлдөй алабыз? Ачык айта турган болсок, мыйзам бийликтегилер үчүн керек. Бул мыйзам чоңдорду сындагандар үчүн иштейт, бирок башка жаранды сындагандарга иштебейт. Мисалы, мага бирөө асылып, мен туурасында жалган маалымат таратса, ага эч нерсе кылышпайт. Ошол эле учурда бийликке жан тарткан Марлен Маматалиев, Үмбеталы Кыдыралиевге окшогон депутат, чиновниктерге тийишкендерге бул мыйзам иштейт. Бюджеттен миллион сомду бөлүп, 2-3 адисти отургузуп коюшат, ошолор отуруп алып тандалма саясатты жүргүзө беришет. Бүтүндөй Фейсбук фейк аккаунттарды тыя албай, канча убакыттан бери ушунун үстүндө иштеп жатышат? Корпорация буга 100 миллиарддан ашык бюджет караган. Атайын бөлүмдөр түзүлүп, күнү-түнү фейктер менен күрөшүп жатышат...
-- Жалган маалыматты тараткандар аныкталса, кандай чаралар көрүлөт?
-- Бул жерде провайдерлер менен уюлдук операторлорго күч келет. Себеби, жалган маалымат менен күрөшүү алардын түздөн-түз милдети болуп калат. Жалган маалымат аныкталганда, алар 24 сааттын ичинде ошол сайтты жапканга, блокировка кылганга жетишиш керек. Эгерде ошол сайттын ээси же социалдык тармактын, баракчанын кожоюну маалыматты өчүрбөсө, уюлдук опреаторлор аткарууга туура келет.
Анархан Алтымышова
"Азия Ньюс" гезити











