Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » "Ата, сизди сагындым, жаныңызга баратам" 15 жашар окуучу өз жанын кыйды

"Ата, сизди сагындым, жаныңызга баратам" 15 жашар окуучу өз жанын кыйды

30-май, 17:21
2 220 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош облусунун Ноокат районундагы айылдардын биринде 15 жаштагы окуучу өз үйүнөн асынып алды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“23-май күнү саат 16:40 чамасында Гулистан айыл аймагында 15 жаштагы өспүрүм үйүндө асынып алган. Аны апасы Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып келген. Андан соң милицияга кабар берилген.

Аталган маалымат Ноокат РИИБсинде маалыматтардын электрондук журналына катталган. Алгачкы текшерүү иштеринин жүрүшүндө аталган айылдын 7-классынын окуучусу 2007-жылы туулган В.А. "Ата, сизди сагындым. Сиздин жаныңызга баратам" деген мааниде кат жазып калтырып, өзүн-өзү асып алган. Маркумду алгач апасы көрүп калып, ошол замат жибин чечип, Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып барган. Учурда окуучунун жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуучу кыздын эмне себептен жанын кыйгандыгын тактоо боюнча тийиштүү ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат деп жазылат маалыматта.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер