Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кенесарынын өлүмү

Кенесарынын өлүмү

24-сентябрь, 21:46
435 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Уландысы. Башы гезиттин өткөн сандарында)

Согуш алдындагы кокон-кыргыз мамилеси 

1840-жылы жай айларында Кокон хандыгында өзгөчө канкорлугу менен айырмаланган миң башысы Хаккули жана Ташкенттин беги Мухаммедалим кошунбеги (өзбекче кушбеги) аскери менен Иле аркылуу Ысык-Көлгө өтүшүп, ханга салык төлөбөгөндүгү үчүн Жыргалаң боюндагы бугуларды чабууга келип, жеңилип калышат. Анын натыйжасында кокон бийлиги Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас кыргыздарынын колдоосунан ажыраган. Хаккули мындай «эрдиги» үчүн Кокондо башы кесилген.

1842-жылы кокондуктар көл айланасындагы Каракол, Барскон, Коңур-Өлөң ж.б. майда чептерден, Нарын өрөөнүндөгү Куртка, Жумгал чептеринен биротоло куулушкан. Бул окуя туурасында даректүү материалдар: (Россиянын борбордук мамлекеттик согуштук-тарых архиви ф.1440,оп. 1, д. 2,л. 59-73). 1842-году Иссык-кульские племена восстали против хана, “свергнули с себя его иго и разорив устроенные на границах крепосцы, начали с тех пор действовать самостоятельно”. 

И.Бардашев, Семречье облустук тилмечи бул туурасында: "Главные рода черных киргиз, кочующие в окрестностях Иссик-Куля, признали себя независмыми и выгнали коканцев из небольших укреплений, устроенных на речках Караколе, Барскоон и Конур-Улене" (И.Бардашев. Сведения о дикокаменных киргизах. ТВ, 1870, №15). (Сведение о дикокаменных киргизах)". 

Академик Б.Жамгырчинов в 1842-году в Иссык-Кульской долине вспыхнуло востание племя бугу отчасти присоеднились к ним саяки и сарбагишы. (Б.Жамгирчинов. Присоединение Киргизии к России.1959-г. Фрунзе. 103-бет). 

1851-жыл Оренбургдун генерал-губернатору граф В.Перовскийдин жогорку бийликтегилерге билдирүүсүндө “...веледствие переворта 1845 г. Буруты сделались совершенно независимыми, кокандские крепости в их землях оставлены” дейт. Ошондуктан Кенесарынын чабуулу учурунда Токмок, Кара-Балта сыяктуу чаканыраак чептер бош калган эле.

Бул документтердин негизинде 1845-47-жылдары Кенесарынын жортуулу учурунда Кыргызстандын түндүгүндө кокон бийлиги болгон эмес десек болот. Бирок, кайра калыбына келтирүүгө байма-бай аракеттерди жасап келген. Мисалы, 1847-жылы жаз айында кыргыздар менен Кенесарынын согушу чечүүчү мезгилге жетип, кырдаал бычак мизинде турганда, Ташкенттин кошунбеги Нар Мухаммед таластык кыргыздарга каршы жортуулга аттанат Казак Республикасынын борбордук мамлекеттик архивинде (Ф.374.Оп.1.Д.29220.Л.33об. 34-б.). 1840-жылдардын башында таластык Ажыбек датканы кокондуктар Олуя-Атага чакырып барып өлтүрүшкөндүгүнө байланыштуу, Ажыбек датканын уулу Нурак бий "канга кан" деп Кудаяр хандын таятасы Токтоназарды өлтүргөн. Кокондуктар ошол чырын эми козгошуп, жортуулга аттанышат. Бирок мыкты куралданган көп колго каршы тура албастыгын сезген таластык Нурак датка Сарымсак бий сыяктуу он чакты аттуу-баштуу адамдар кылычтарын мойнуна салып кечирим сурашып, тынчтык жолу менен бүтүрүшкөн. Буга байланыштуу эзелтеден жоокерлиги менен атагы чыккан Талас эли Кенесарыга каршы чечүүчү согушка катышпай калышкан.


Согуш учурунда кокондуктардын Кенесарыга болгон маанайы

Кокондуктар бул учурда бухар эмиринин 1841-жылкы чапкынынан кийин калыбына келе албай, оор мезгилдерди башынан кечирип жаткан учурлар болсо керек. 1841-жылы жазда Кокондо ички нааразчылыктар күчөп, ырк кетип турган кезден пайдаланып, Бухар эмири коконду жеңил-желпи эле басып алат. Аскерине Коконду бир нече күн талатып, хандын казнасын, башка бүт байлыктарын ташытып, хандыкка талапкер боло турган эл башкарган аттуу-баштуулардан 250 аткаминерди барымтага алып кетет. Бирок 1842-жылдын күзүндө эле Кокон аймагынан кайрадан бухаралыктарды кууп чыкканы менен Кенесарыга каршы эч каршылык көрсөтүшкөн эмес. Мисалы, Кенесары, Кокондун чет жакаларындагы коргондорун талап-тоноп, ал гана эмес Ташкентти, Ак Мечитти камоого алып атса да, аларга каршы чара колдонбогон. Кокондун курамындагы Улуу жүз казактары эми Кенесарынын бийлигине баш ийишип, кийин орустун кол алдына эч тоскоолдуксуз өтүп кетишкен. Ошондой эле Кокондун курамындагы Олуя-Ата, Чимкент, Сыр-Дария вилаеттеринин казактары, кыпчактары кыргызга каршы согушууга Кенесарынын колуна кошулуп кетишкендиги туурасында 1846-жылдын декабрь айында есаул Нюхаловдун генерал-майор Вишневскийге жиберген рапортунда Кенесары Касымовго Кокондун курамындагы улуу жүз казактарынан жыйырма миң түтүн кошулгандыгын айтат. (Казак Республикасынын борбордук  мамлекеттик архиви. Ф.374.оп.д.2909.л.203.об. подлинник). 

Алихан Букейхан “потеряв почти все войско, султан Кенесары Касымов покинул Пишпекский уезд. Прошло около года. Вокруг султана Кенесары Касымова опять сгруппировались около двацати тысяч киргиз (казак) Ауле-Атинского, Чимкентского, частью Сыр-Дарьинского уездов и вновь двинулся на Кара-киргиз Пишпекского уезда" дейт. (К.Степняк 15-июля 1847 года. город Омск "Материалы к истории султана Кенесары Касымова").

Кенесары аскери талкалангандан кийин анын уулдары Кокондун аймагындагы Олуя-Атага башпаанек издеп качып барышып, атасынын өчүн алууга кайрадан аскер топтой башташкан.


Бул согушка орус бийлигинин мамилеси

Орус бийлигине каршы кол көтөргөн Кенесарынын артынан сая түшүп, есаул Нюхалов 125 солдаты менен келаткан. Кенесары кыргыздын жерине жетип, кагылышуулар башталары менен эле орус аскери кубалап келатканын унутуп калгандан бетер тык токтойт. Үй мүлкүн артынып, мал-жанын айдап, бүт айылы менен көчүп келатышкан элге субай-салтаң солдаттар жетпей койгону таңкалычтуу. Анүстүнө орус аскеринин тыңчылары Кенесарынын кошуунунда такай болуп, байма-бай кабарлап, кайсы жерде кандай кагылышуулар болуп, канча жоокери өлүп, канчасы колго түшүп, канчасы каякка сатылганына чейин саймедиреп (доклад), билдирип турганы документтерде турат. Бир жарым жыл бою тынымсыз чоң-кичине кагылышуулар болуп турду. Орустар болсо “кимиси жеңээр экен?” деп байкоо жүргүзүп, Айөгүздөн жылбай өз иштерин бүтүрүп жата беришти. Бул учурда орус бийлиги кыргызга коңшу жашаган Улуу жүз казактары менен кошо согуштун башталышында чет жакадагы кыргыздар убактылуу ичкери көздөй чегинип кетишип, бош калган Чуй суусунун оң өйүзүн, Иленин өрөөнүн бүтүндөй Чалдыбардан Таразга чейинки жерлери өз курамына кошуп алууга, Талды-Коргондогу Капал чебин орнотууга үлгүрдү. Согуш алакандай аз кыргыз эли үчүн оңойго турган жок. Кокондуктар менен кыргыздардын согушунда орустар кийлигишүүгө милдеттүү эмес эле. Анткени бул экөө тең оруска карай элек болчу. Бирок орус мамлекетинин курамындагы кенесарычылар, б.а., Россия жарандары бир жарым жыл бейпил жаткан кыргыз элине тынчтык бербей атса, бир чара колдонууга милдеттүү эле. Ырас, кыргыздарга моралдык колдоо көрсөтүп кат жолдоду. Албетте, бул баскынчылар үчүн абдан туура, акылдуу тактика болгон. Эки эл кырылышып, алсыз болуп калганда гана аларды арачалап, калыс мамиле жасаган түр көрсөтүп, бир ок чыгарбай, бир солдатын жоготпой оңой-олтоң экөөнү тең өзүнө каратып алыш эле. Кыргыздар жеңсе, сыйлык берип ыраазычылыгын билдирип коёт. Ал эми Кенесары жеңсе, анын артынан түшүп, буйдамга келтирбей тыйпыл кылып коймок да, ал жеңип алган жердин баары оруска түздөн-түз эч сөз жок өтмөк. Буга мисал ошол учурда кыргыздар согуш менен алек болуп жатканда, орустун букаралыгына өткөн Улуу жүз менен кошо кыргыздар согушка байланыштуу убактылуу конуштарын таштап көчүп кетишкен Иле, Чалдыбардан Таразга чейинки жерлери, Чүй суусунун оң жээги акыйкатсыз казактарга өтүп кетпедиби! Ошондуктан орустар Кенесарынын аскери кыргыз жерине дагы тереңдеп киришине кызыкдар болуп, бир жарым жыл бою “орус келатат” деген эле каңшаар менен караанын да көрсөтпөстөн, бир ок чыгарбастан, туш-тушунан тосуп кыргыз чегине ийирип камап турду. Акыры Кенесары жеңилип, согуш бүткөндөн кийин кыргыз манаптары согуш башталганда убактылуу журт которушуп, бош калган байыркы ата-бабаларынан бери жердеп келген өз мекенине кайрадан келе албай калгандыктан, орустун курамына өтүүгө шашылыш макулдугун бере башташканы да ушуга байланыштуу болсо керек. Алгач эсенгул-сабагыштардын атынан Ормон Россиянын кол алдына өтүүгө сураныч менен кайрылган. Бирок Үмөталы баштаган сарбагыштын аттуу-баштуулары ант берүүгө келгенде Заили отрядында молдо жоктугуна байланыштуу ант берүү кийинки жазга калтырылгандыгын 1853-жылы 21-ноябрда Батыш Сибирь генерал губернатору Г.Х.Гасфорддун Россия тышкы иштер министрлигинин башкаруучусу Л.Г.Стенявинге билдирүүсүндө, ошондой эле бугунун манабы Боронбай Бекмуратовдон жана башка бугунун аттуу-баштуулары да акыры Россиянын кол алдына өтүүгө макулдугун бергендигин кабарлайт.

Ошентип согуш кандайдыр бир деңгээлде жеңилгендердин пайдасына аяктайт. Бирок кыргыз эли кырдаал бычак мизинде турганда элдүүлүгүн сактап калды.

Кыргыз-казак араздашуулары тарыхый документтер боюнча XVIII кылымдын орто ченинде калмактар Орто Азиядан куула баштаганда, бош калган жерлерди талашуудан башталган. Ал эми санжыра боюнча андан мурда эле Ташкентти бийлеп турган кыргыз Көкүм ханды казактар уу берип өлтүргөндөн башталат дейт. Эми тарыхый документтерде кездешкен кыргыз-казак жаңжалдарына көз жүгүртсөк: 

-- 1750-жылы Орто Жүздүн найман уругунан чыккан Көкжарлы Барак беш миң колу менен кыргызга кол салып, жеңилип, өзү качып кутулган;

-- 1765-жылдары Иле тараптан кыргыздар казактарды үч ирет катуу чапкан;

-- 1767-жылы Абылай хан Ташкенттин тегерегиндеги кыргыздарды чабат;

-- 1771-жылы уйсун аргын уругунан чыккан Көкжарлы Барак 20 миң кол менен кыргызга кол салып, өзү колго түшүп, башы кесилген. Анын качкан колун кыргыздар Иледен ары өткөрө кууп салышкан;

-- 1773-74-жылдары жана 1779-80-жылдарда Абылай хан кыргызга бир нече ирет кол салган, бирок эки тарап ачык жеңишке жетише алышкан эмес. Бул туурасында кытай-орус жазма булактарында кеңири айтылат. Мисалы, “конфликты между киргизами и казаками когда ни одна сторон не могла добиться решающей победы, обескровливала обе стороны, а цинский двор вполне устраивала перспектива иметь на рубежах Циньцзяна слабых в военно-политическом отношении соседей”. (Кузнецов В.С. “Цинская империя на рубеже Центральной Азии” 47-бет). В 1774 году Следом за сообщением о нападении киргизов на казаков синьцзянский наместник Илету доложил в Пекин об ответном походе Аблая и Абулфеиза. В ответ цинский двор направил следующую инструкцию Илету: “Если буруты пришлют людей, тут же им обьявить: вы друг друга грабите. Дело обычное. Ранее вы ограбили казаков. Мы отнюдь не вмешивались. Отнюдь нет резона покровительствовать одной стороне. Таким образом объявить и тут же отправить обратно” (там же). 

Ошондой эле Абылай хан кыргызга каршы согушка орус жана кытай бийликтерине арызданып, жардам сурап, курал-жарак, аскер берүүсүн өтүнүп он чакты жолу кайрылгандыгы тарыхый документтерде сакталып калган. Ал эми кыргыз эли боордош казак эли менен болгон жаңжалдардын биринде да башка элден жардам сурап кайрылган эмес. Бул туурасында кытай тарыхый булактарында да айтылат: “Ныне ты сообщаешь, что буруты посягнули на спокойствие твоих казаков, а твой Абулфеиз с 2000 с лишным воином ограбил бурутов и ушел обратно, по пути встретился с нашим даченом. А если буруту, подобно тебе, вторгаются в ваши кочевья и грабят скот, то приезжаете жаловаться. Кого же нам считать правым”. “Что касается этого случая, то буруту не приезжали с докладом, он (т.е. посланник Абылая ) приехал и доложил. Согласно этому ясно указываем: к кому бы то ни было мы не будем снисходительны”. Бирок кытай бийлиги эки тарап ачык жеңишке жетише албай кырылышып атканда кийлигишпегени менен бир тарап артыкчылык кылып баратса, начар жагына жардам берип турган. Мисалы, Абылай хан өлгөндөн кийин кыргыздар артыкчылык кыла баштаган. 

1781-жылы жай айында кыргыздар Улуу жүз казактарын чабат. Госархив F1/1:431. 1784-жылы Абылайдын уулу Валихан төрө Чүй тараптан кол салып, жеңилип, өзү туткунга түшүп (Андреев, 1795:84), ошол эле жылы Бердикожонун иниси Тыс султан Иле тараптан кол салып, туткунга түшүп, башы кесилет (Андреев,1795:40).

1785-жылы Абылайдын уулдары Касым менен Чыңгыз султандар кол баштап келип жеңилип, өздөрү колго түшүп, сатуусуз эле коё берилет. (АВПР,1791:40)

Кыргыздардын күчтөнүп баратканын көргөн кытай бийлиги 1785-жылы октябрь айында Бердикожо султанды тукурушуп, 1500 кытай аскери менен биримдикте Иленин оң өйүзүндөгү кыргыздарды чабат да, кыргыздын колу жыйылып келгенде качып кутулушат. Кыргыздар Бердикожонун артынан сая түшүп, ошол эле жылдын январь айында колго түшүрүшүп башын кесишет.

Кытай бийлиги 1786-жылы Барак султандын уулу Ханкожону да кыргызга каршы үгүттөп, ал жортуулга келатканда Чүйдөн кол бузулуп, тарап кетишет. Ошондон баштап 60 жылча кыргыз-казак арасында тынчтык өкүм сүргөн. 1830-жылы Кокон хандыгына караган улуту казак Эдиге төрө Кокон аскерин баштап келип, Суусамырда жеңилет.


1845-47-жылдардагы Кенесарынын чабуулу

Азыр айрым казак тарыхчылары “орустар Абылай хан менен түзүлгөн келишимди бузуп, казак жерине чептерди кура баштагандыгы үчүн Кенесары каршы чыккан” деп айтышууда. Бирок андай келишим туурасында укпадым. Ал эми Абылай хандын оруска кошулууга Орто жүздүн атынан берген антынын тексти төмөндөгү. 

Текст присяги султана Среднего жуза Аблая: «Я киргиз-кайсацкого народа нижеподписавшейся салтан, обещаюсь и кленусь всемогущим богом, что хощу и должен со всем моим родом и со всею моею ордою всепресветлейшей, самодержавнейшей государыни императрице и самодержице всероссийской и пр., и пр., и пр., и по ней е. и. в. высоким законным наследником, которые по изволнению и самодержавной е. и. в. власти определены и впредь определяемы и к восприятию престола удостоены будут, верным добрым и послушным рабом и подданным быть, и все к высокому е. и. в. самодержавству сил и власти принадлежащая права и преимущества указанные и впредь узаконяемые по крайнему разумению сил и возможности предостерегать и оборонять, и в том живота своего в потребном случае не щадить, и притом по крайней мере стараться споспешествовать все, что к е. и. в. верной службе и пользе во всяких случаях касатися может, о ущербе же е. в. интереса, вреде убытке, как скоро в том уведаю, не токмо благовременно объявлять, но и всякими мерами отвращать и не допущать, также и по указом е. и. в. присылаемым с крайнею возможностию исполнять тщатися буду, и как я пред богом и судом его страшным в том всегда ответ дать могут, как суще мне господь бог душевно и телесно да поможет. В заключении же сей моей клятвы целую слова, данные от всевышняго бога». 

К подлинной на татарском диалекте присяге Аблай-салтана чернильная печать приложена. АВПР, ф. 122, 1740 г., д. 3, л. 77. (Перевод. «Материалы по истории политического строя Казакстана», т 1, Алма-Ата, 1960, стр. 38).


Соңку сөз 

Азыркы заманда жапырт эле ар бир көчө, ар бир айыл, ар бир уруу илгери өткөн ата-бабаларын баатыр кылып таап чыгып, жок болсо ойлоп чыгарышып, мааракелерин колунан келишинче шатыра-шатман өткөрүп жатышпайбы. Мейли дечи, колдорунан келсе өткөрө беришсин. Ага ичтардык жок. Кеп башкада болуп жатпайбы. 

Алгач маараке өткөрүү боюнча демилгелүү топ түзүлүп, тийешелүү жетекчилерге билдирме берилет экен. Анан ал жетекчилердин чечими келет. “Райондук деңгээлде, облустук, республикалык деңгээлде өткөрүлсүн” деген. Аны ким чечип атат? Кандай критерийлердин негизинде? Же баягы эле тааныш-билиш, тууганчылык, жердешчилик, башкы ролду ойноп кетип атабы? 

Сөзүм куру болбош үчүн бир мисал келтире кетейин. Жакында эгемен кыргыз хандыгын курууга алгачкылардан болуп аракет жасаган улуу полководец Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленди. Ага өкмөт башчы Акылбек Жапаров жетекчилик кылып, эч кем-карчсыз ойдогудай өттү десек болот. Эми ошол эле убакта Жамангара баатырдын 200 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча уюштуруучу топ ошол эле Акылбек Жапаровго (өкмөт кезинде) кайрылсак, бизди кабыл алуудан баш тартып, кайрылуубузду маданият министрлигине жиберип, кош көңүл мамиле кылып койду. Ошентип болжонгон мааракебиз каражаттын жоктугуна байланыштуу өтпөй калды. 

Эми кыргыз элин геноцидден сактап калууда зор эмгек кылган бул эки инсандын кылган эмгектерин салыштырып көрөлү. 1845-1847-жылдары бир жарым жылга созулган Ата мекендик согушта тарыхый документтер боюнча баштан-аяк ондон ашык салгылашуу болгон экен. Ал салгылашуулардын көпчүлүгү 1845-жылдын күзүнөн 1846-жылдын жазына чейин жарым жыл ичинде Чүй аймагында уланат. Ал эми 1846-жылдын жазынан 1847-жылдын жазына чейин бир жылда болгону үч согуш болгон экен. 

Ормон жүйөлүү себептер менен ал согуштардын бирөөнө гана барат, б.а., эң акыркысына акыркы күнү келген экен. Буга жердин алыстыгы себеп. Анткени бул согуштар бир күндөн үч күнгө чейин эле созулган. Элестетиңиз, анан согуш башталган күнү Көлгө, Нарынга же Таласка кеткен чабарман Боомдон өткөндө же Өтмөккө жеткенде согуш бүтүп калып атпайбы. Ошондуктан Ормон он күнгө созулган согуштун акыркы күнү келгендиги элдик санжыраларда деле жана тунгуч тарыхчыбыз Б.Солтоноевдин изилдөөсүндө да айтылат. Ормон керней-сурнай тарттырып, опузасына салып чаңдатып, түнкүсүн от жактырып келгенде Кенесарычылар башаламан түшүп качып бергени...

Эми Жамангара Чынгыш баатырдын жетекчилиги менен кол баштап, үч чоң согушуна катышып, үч жолу тең жеңишке жетишип атат. Анын жетекчилиги астында Кенесарынын он жыл ат үстүндө жүргөн профессионал жети миң аскери Мыкандын сазында талкаланып атат. Андан башка кышы бою дагы тынымсыз кагылышуулар болуп тургандыгы Жантайдын каты, Ахмед Кенесариндин баяндамасында, элдик санжыраларда деле тарыхый документтерде да айтылат. Албетте, бул согуштар Жаманкарасыз өткөн эмес. Бирок бул жерден мен бир баатырдын зоболосун жогору, экинчисин төмөнүрөөк кылып көрсөтөйүн деген ойдон алысмын. Бул кыргыз элин геноцидден сактап калган Ата мекендик согуштун ар бир катышуучусу, элибиздин сыймыгы, кыргыз элинин тарыхында түбөлүккө алтын тамгалар менен жазылып калууга татыктуу. Алардын аты менен көчөлөр, мектептер, ж.б. мекемелер аталса.1941-1942-жылдагы улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары менен бирдей даражада бааланышы керек. Болгону ар бир инсандын эмгеги объективдүү баалансын. Ал үчүн мааракелерди кандай деңгээлде өткөрүү, эстелик орнотуп, ысымдарын ыйгаруу калемдин эле учу эмес, тарыхчылардан турган комиссиянын, демилге көтөргөн топтун катышуусунда талкууланып, элге сиңирген эмгеги баалангандан кийин гана чечим чыгарылса. Болбосо кыргыз эли үчүн кылдай эмгек кылбагандардын ысымы менен деле көчөлөр аталып, айкелдери тургузулуп атат.

Өткөрүп жаткан мааракелер элди уруу-урууга бөлүп касташтырбай, бириктирип, ынтымакташтыруу максатын көздөш керек. Өткөн Ормон хандын мааракесинде баяндамачылар уруулар аралык касташтыруу, бир урууну башка уруулардан жогору коюу тарыхый документтерди одоно бурмалоого жол берилди. Алсак “Кенесары Чүйдүн жети районун басып алган”, “Ормон эки миңдей эле жоокери менен келип жеңип салган” ж.б. сандырактар...

Ошондуктан, мындай мааракелер чоң-кичинесине карабай, тарыхчылардын көзөмөлү астында өткөрүлүп, ээнооздукка жол берилбесе (!) дейбиз. 


Кадырбек Жекшелаев, тарых изилдөөчү 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер