Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айымжан МУКАНБЕТОВА: “Негизи адамдын жашоосунда үч нерсени сыр бойдон калтыруу керек экен...”

Айымжан МУКАНБЕТОВА: “Негизи адамдын жашоосунда үч нерсени сыр бойдон калтыруу керек экен...”

05-ноябрь, 12:58
1 329 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айымжан карындашыбыз көп кырдуу талант. Ырчылык өнөр менен бирге кыргыздын бир топ музыкалык аспаптарында ойной алат. Мындан сырткары фотомодель, стилист, дизайнер жана тикмечилик менен шугулданып жүрөт. Айтылуу Ак-Талаа районунун Баетов айылынын кызы. Алгач М.Күрөңкеев, андан кийин Б.Бейшеналиева атындагы искусство жана маданият университетин аяктаган.

-- Айымжан, чыгармачылыктын казанында кайнаш үчүн алгач талант, шык, жөндөм керек, ансыз болбойт. Андан кийин музыкалык сабатты жоюу абзел...

-- Музыкага кичинекей эле кезимден аралашкам. Мектепте окуп жүргөндө ыр-бий ийримдерине жандуу катышып, райондук масштабда ар кыл сынактардын жеңүүчүсү болгом. Кийин борбор калаага келип, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда кыргыз эл аспаптары бөлүмүндө, андан кийин Б.Бейшеналиева атындагы искусство жана маданият университетинде эстрада ырчысы факультетинде толук кандуу билим алдым. Учурда ырчылык өнөрүмдү элге арноонун босогосунда турам. Жакында “Өчпөс үмүт” аттуу автордук чыгармамды ыр ышкыбоздору жылуу кабыл алды. 

-- Сүрөтчүлүк өнөрдү да бирге алып кетип аткандайсың. Бул жагы кандай болуп атат?

-- Сүрөтчүлүк боюнча данек бар, бирок аны өркүндөтүү алдында иштеп келем. Буга чейин этноавангард стилинде “Табигаттын табышмактуу сырлары”, “Боёктуу сүрөттөр”, “Календарь” аттуу коллекцияларым жарыкка чыгып, коомчулук алдына тартууладым.

-- Мындан сырткары, модель, фотомодель жагычы?

-- Өзүмдү модель деп айтуудан алысмын. Айрым учурда фотомодель болуп сүрөттөргө түшөм. Мага образ жаратуу, аны кайра карап суктануу абдан жагат. Модель – француз тилинен ченем, үлгү, норма жана өрнөк дегенди билдирет эмеспи. Бизде Кыргызстанда стандартка ылайыктуу модель жокко эсе. Ачуу чындык, негизи подиум же сүрөт тартуу айырмасы жок. Сүрөт тартуу ишинде жакшы жери бул чыгармачылык менен иштейсиң. Подиум көп кишинин эмгегин бириктирип, шоу аркылуу элге жандуу образ алып чыгарат

-- А баса, жанагы тикмечилик да оңой иш эмес...

-- Чоң кызыгуумдан улам моделдикке байланыштуу бардык тармактарды өздөштүрдүм. Мода дүйнөсүнүн тарыхын, стилист, фотосүрөтчү жана дизайнерлик, тикмечиликти үйрөндүм, өтө мактанып кеткен жокмунбу?.. 

-- Жок.

-- Профессионалдуу түрдө боёнуп, чач жасалгоолорду да жасай алам. Ошондой эле өз күчүмө ишенгенди үйрөндүм. Мен өзүмдүн коллекциямдан тышкары башка дизайнерлердин коллекцияларын кийип сүрөткө түшөм. Көбүнчө иштелген кийимдерди колго жасап, сайма менен кооздоп жасалгалайм. Кийинки убактарда чоң дизайнерлер менен иштешип баштадым.

-- Вай-вай! Ушунча өнөрдү, жүктү аркалаган кыз кантип бойдок жүрөт дейм да?

-- Ооба, турмушка чыга элекмин, сүйүктүүм мага жолукпай, ал мени таппай жүрөт окшойт. 

-- “Фотомодель” деп кеттиң. Фотографтар “жарым жылаңач тартабыз” дешкен жокпу?

-- Андай сунуштар эки күндүн биринде болуп турат. “Глянцевый журналдын биринчи бетине чыгасыз, анан сизди популярдуу фотомодель кылабыз” дешкендер болду. Ушул күнгө чейин эч кимисине макул болгон жокмун. Кыргызга мындай нерсе жарашпайт.

-- Адамдын жашоосунда кайсы нерселер сыр бойдон калыш керек?

-- Негизи адамдын жашоосунда үч нерсени сыр бойдон калтыруу керек экен: биринчиси, тапкан кирешең. Экинчиси, жүрөгүңдө сүйүктүүң. Үчүнчүсү, келечектеги максатың. 


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ  

"Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер