Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Артур Медетбеков: “Бул шайлоодо деле административдик ресурс колдонулат”

Артур Медетбеков: “Бул шайлоодо деле административдик ресурс колдонулат”

08-январь, 14:45
1 440 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Шайлоону таза өткөрүү керек деп көп айтылууда. Анткен менен админресурс ар дайым колдонулуп келген да. Мында деле ошол жол менен кетеби же таза шайлоого болгон кандайдыр бир умтулуулар болушу мүмкүнбү?

-- 10-январда боло турган шайлоо Кыргызстан үчүн өтө маанилүү, жоопкерчиликтүү жана кооптонууну чагылдырат. Ушул шайлоо өлкөнүн тагдырын, келечегин чечет. Мында атаандаштардын саны дагы көп. Алардын ар бири шайлоодо көбүрөк добуш алууга умтулушат. Бирок, бул жерден административдик ресурс, акчага сатып алуу, тууганчылыкты колдонуу, партиялаштарынын кызыкчылыктарын эсептөө, жердешчилик (!) дегендер кандай болсо да колдонулат. Шайлоодон кийин болсо шайтан иштери чыгат. Бирок, мурдагы шайлоолорго караганда, элдин аң-сезими саясый-социалдыкэкономикалык кризиске байланыштуу болгон жагдайларды карап, үмүт менен адилеттүүлүк үчүн күрөшө турган шайлоочулар дагы бар. Бирок, алар өтө эле аз. 

-- Дебаттарда чек ара маселеси тууралуу суроого карата ар бир талапкердин оюн уктук. Жалпы жыйынтыктасак, чек араны чечүүгө ар кандай маселелерден улам биз тарап деле өтө кызыкдар эместей... Негизи коңшулар менен чек араны так, даана чечип алууга болобу? Жолдору кандай?

-- Чек араны биздин саясый лидерлер өзүнчө бир оюнга айландырышып, ошондон упай топтоого аракеттенишет. Мындай жагдайды таптакыр токтотуш керек. Чек ара маселеси Кыргызстан үчүн оор көйгөй. Аны чечүүдө керек болсо эл аралык тажрыйбалардан сабак алып, аны тийешелүү эки гана мамлекет чечкенге аракеттениш керек. Чек арага тийешелүү тармактын өкүлдөрү жеринде иштөө процесстерин алып барышы зарыл. Бишкекте отуруп алып эмес, чек араны аралап, эл менен жолугушуп, изилдеп, тактаганга аракет жасоо талап кылынат. Премьер-министр чек ара боюнча комиссиянын жалпы мүчөлөрүн ошол аймакка көчүрүп барып, иштетиш керек. Жергиликтүүлөрдү чырлуу аймактарга туруктуу калтыруу үчүн ишканаларды ачып, тийешелүү шарттарды түзүү маанилүү. Чек ара маселелери чечилип атканда, ошол маалыматтар элге толук жетиши керек. Бул калк арасындагы бүдөмүк ойлордон алыстатат. 

-- Садыр Жапаров дебаттарга катышкан жок. Дебат негизи жалпы элге багытталган да. Ага эң башкы талапкер деп жаткан адамдын катышпай коюусун кандай кабылдаса болот?

-- Менимче, ал Садыр Жапаровдун өзүнүн иши. Ар бир талапкер жеке иш планы боюнча аракеттенет. Ал эми Жапаровдун тегерегиндеги политтехнологдордун аракеттери өзгөчө чет жактын ыкмасын колдонууга окшошуп атат. Демек, алар Жапаровду дебатка барбоого үндөгөн. 6-январдагы дебатка дагы кандайдыр бир шылтоолор менен келбей калса, анда элдин Жапаровго карата добушу азайышы мүмкүн. Мындай дебаттарга ал негизги талапкер катары катышышы керек. Ошол жерден жалпы талапкерлер саясый-экономикалык кризистен чыгуунун негизги жолдору тууралуу элге түшүндүрүшү шарт эле. Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча программалары менен да толук маалымат беришсе, элдин тандоо мүмкүнчүлүгүнө жол ачылмак.  

-- Талапкерлердин, айрыкча УКМКнын мурунку жетекчиси Абдил Сегизбаевдин компроматтарына сиздин оюңуз?

-- Анын компромативдүү маалыматтары мурун эле социалдык тармактарда белгилүү болгон. Эгерде Сегизбаев ошол компроматтардын негизинде, убагында мыйзамдуу түрдө иш алып барса, бүгүнкү жагдай жаралбайт болчу. Ал маалыматтарды катып жүрүп, эмнеге азыр чыгарып атканы да белгисиз. Мыйзамга ылайык, бийликте туруп ушуга окшогон материалдарды жашырып жүрсө, ал өзү дагы жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Ал шайлоо процесстеринде жалаң гана компроматтардын негизинде жеңишке жетишүүгө аракеттенип атат. Бул анын алдын ала даярдалган саясый иши экенин көрсөтүп турат. Муну менен анын деңгээлинин төмөндүгү көрүндү. Талапкерлерлер компроматка эмес, программасын, концепциясын көрсөткөнгө, аны менен элди тааныштырганга басым жасаш керек. Бизде болсо, талапкерлер бири-бирине айып издөө менен алек. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер