Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алматыда кыргызстандыктар дагы каза болгону айтылды

Алматыда кыргызстандыктар дагы каза болгону айтылды

10-январь, 12:20
643 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казакстандагы башаламандыкта каза болгондордун ичинде кыргыз жарандары дагы бар экенин «Помогать легко» кайрымдуулуук фондунун башчысы Динара Аляева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Алматы шаарында каза болгондордун саны 100дөн ашуун киши деген расмий маалымат бар, бирок андан эки же үч эсе дагы көп болушу мүмкүн. Каза болгондордун ичинде кыргыз жарандары дагы бар. Алар Казакстанда иштеген же убактылуу барган жарандар. Туугандары алардын сөөгүн алып чыга албай жатышат. Тышкы иштер министрлиги, Садыр Жапаров, биздин жарандарга жардам берүү үчүн штаб уюштургула!» деп жазды ал.

Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстандагы кагылышуудан жалпы 164 адам каза болгон.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер