Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Саакашвили өзүн “Путиндин туткуну” деп атады

Саакашвили өзүн “Путиндин туткуну” деп атады

05-октябрь, 18:49
1 462 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көптөн бери эмиграцияда жүрүп, мекенине кайтканда кармалып, Руставидеги түрмөгө камалган Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили талаптары аткарылмайынча, ачкачылыкты токтотпой турганын билдирди.

Саакашвилинин грузин тилиндеги каты Фейсбук баракчасына украин, англис жана орус тилдериндеги котормосу менен кошо жарыяланды.

“Мен жана менин адамдарым бошотулмайынча, ачкачылык кармоону токтотпойм” деп жазылган анын катында. Ошондой эле ал эс-учун жоготкон учурда дагы медициналык жардам алуудан баш тарта турганын белгилеген.

Михаил Саакашвилинин айтымында, ал эркиндик жана демократияны калыбына келтирүү максаты менен тарапташтарын активдүү аракеттерге багыттап, ойготуу” үчүн ушундай катаал чараларга барган.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийге жазган катында ал иш жүзүндө “Путиндин жеке туткуну” экенин белгилеп, украин президентинин аны боштондукка чыгарууга жасаган аракеттерин жогору баалаган.

Президент Зеленский Саакишвилинин камалышына тынчсызданып, аны кайтаруу боюнча бардык чаралар көрүлөрүн айткан.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер