Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кантип тирүү басып жүрөт? Орозайымга иштеген мыйзам Таалайбек Сарыбашовду кыйгап өткөндө

Кантип тирүү басып жүрөт? Орозайымга иштеген мыйзам Таалайбек Сарыбашовду кыйгап өткөндө

02-июль, 09:00
1 999 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ата Журт Кыргызстан” партиясынан депутат болгон Таалайбек Сарыбашов ишенимди актабай, көптүн артында калганы кашкайды. Мыйзам жазганга, олуттуу көйгөйдү көтөргөнгө билими жетпесе, мындай шартта ыңгайсыз абалда калып, ичинен ызага батып атса керек. Убагында билимсиз мигрант, таксист, майда соода-сатыкта жүргөн жеринен айыл өкмөт, аким, кийин губернатор, мэр катары көтөрүлгөн. “Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” дегендей, шопур Икрам Илмияновдун кадры тура, тапканы ушул экен да. Ээлеген кызматтарын кыйраткан эмес, чеке жылыткан иши деле жок. Деңгээли Бишкек шаарына мэр болгондо көрүнбөдүбү, чак түштө эшек тепкендей эле айныгансып, жер тырмап кирген. Анан 10 күнгө жетпей креслодон ыргып кетти. Бул көрүнүшкө жылмайганбыз... Көп өтпөй күмөндүү акчанын күчү менен парламентке келип, бирок кожоюндардын купулуна толбой, депутаттык миссиясын аткара албай мукурап отурат. Убагында Россиянын жараны катары айыпталса, дипломун сатып алса, анан кайдагы билимди айтасыңар? Бул боюнча жүзүн кара басса, агарта албай калды го? Жигитче дипломун да көрсөтө албай, шалбырап, башын жерге салып келатат. Орозайым Нарматовага иштеген мыйзам Таалайбек Сарыбашовду кыйгап өттү. Бийликке шек кетти, уяткарды. Кантип тирүү басып жүрөт?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер