Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Осмоналиев: “Конституциялык реформадан кийин парламенттик шайлоого баралы”

Каныбек Осмоналиев: “Конституциялык реформадан кийин парламенттик шайлоого баралы”

09-ноябрь, 01:26
859 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Каныбек агай, Фейсбуктагы баракчаңызга “эски башкаруу системасын сактоону эңсегендер жаналакетке түшүп жатышат. Бул өтө коркунучтуу оюн! Элдин мүдөсүн угуп коюңуздар” деп неге жаздыңыз?

-- 5-6-октябрдагы жалпы элдик тополоң эмнеден келип чыкты эле? Ушул абалды унутпасак болот эле. Супер президент болуп алган экс-президент шайлоону каалашынча майкандап, өзүнө баш үйүртмө кылып алган үч партияга дароо эле 100дөн ашык депутаттык мандатты ыйгарып алды го? Анан жаны ачышкан эл көчөгө чыкты. Негизги талап – бийликчилдердин митайымдык менен тоноп алган шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу болду. Катуу турушту. Элге карай ок атып кутура башташканда, жаалданган эл мурдагы мүдөөсүн башкача кылып көтөрдү. Натыйжада, президенттин жоголушун талап кылышып, башкаруу бийлигин өзгөртүүнү айта башташты. Акыры жек көрүндү бийликти дыргаяктатып кууп салышты. Дагы нысап берип, коррупцияны жактап туруп алган төбөлдөрдү аяп коюшту. Катуу жазалашкан жок. Ошого дагы каниет кылбай, эскилер жең ичинен интрига кыла башташты. Ушул абалды көрүп туруп, анан кантип унчукпай коё аласың? Мурдагы бийлигин эңсеп кайрадан баш көтөрө башташты. Ар кандай чала саясатчыларды азыркы бийликке каршы тукуруп жатышат. Ушул коркунучтуу жол экендигин айтып жатам. Алар үчүн конституциялык реформа кылып туруп, бийликти элге кайтарып берүү өлүм менен барабар. Ошондуктан, жаналакетке түшүп, каршылыктын баардык формаларын колдонуп киришти. Расмий бийлик бул жагына катуу көңүл буруп, элдин бийлигин коргоп калуусу абзел! Мен жогоруда айткан элдин мүдөөсү – бул жаңы бийлик формасы болуп эсептелет.

-- Айтканыңызга ынаналы, бирок жаңы бийликтин конституциялык реформасынан да чочулаган саясатчылар чекеден чыгып жатат го?

-- “Шайлоолорду мурдагыдай эле өткөрө салалы” дегендер негизинен кимдер? Алар өткөндөгү БШК тарабынан жараксыз болуп таанылган шайлоонун "күжүрмөн жоокерлери". Алар адамдык абийирди төгүп коюшуп, партиялык тизмелерди түзүүдө эбегейсиз акчаларды пара катары алышкан уятсыз коррупционер-уурулар. Эми “шайлоо жараксыз” деп табылгандан кийин алган акчаларын ээлерине кайтаруу керек да? Кулкунга кирип кеткен "пулдарды" эми кайдан таап беришет? Бир гана жол – тезинен кайра шайлоо өткөртө коюп кутулуу. Аларга парламентаризмдин баалуулугу дагы, элдин тагдыры дагы бир тыйын! Эптеп карыздан кутулушса болду. Ошондой жол менен эптеп парламентке өтө коюшса, кайрадан жыргал замандары баштала тургандыгын күнү-түнү эңсеп жатышат. Анүстүнө бийликти кысып, соодалашып, өздөрүнүн кара ниет кылмыштарын андан ары улантууга мүмкүнчүлүк алышат. Ошондуктан, конституциялык реформаны мыктылап жасап алып туруп, анан жаңы парламентти кураганыбыз эле оң болуп турат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер