Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жубан экенимди айтпай мен сени алдадым, сүйүүңдү тебеледим...

Жубан экенимди айтпай мен сени алдадым, сүйүүңдү тебеледим...

15-январь, 23:03
3 039 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мындан аркы жашоом эмне болот кайда барам, кантип өмүр сүрөм эч белгисиз. Өзүмө өзүм азап тартуулап эми минтип боздоп  отурам. 

Калык менен биринчи таанышканда эле жашоом өзгөрдү. Аны терең сезим менен жактырып калдым. Анын деле жактыруу сезимин сездим. 

Ооба мен бул күндөрү жыйырма беш жаштан ашып калган, бир үйдүн эшигин түрткөн  жубан элем. 

Биринчи күйөөм менен  алты айдай жашадык. Отубуз күйүшпөдү. Ортобузда бала дагы болбоду. Эки жолго түштүк. Мен өзүмдү деле күнөөлүү деле сезген жокмун. Колумдан келишинче жашап кетүүгө далалаттандым. Бирок бирок ар кандай окуялар болуп кетти. Анын башка адамды жактыраарын, ата-энесинин көңүлү үчүн үйлөнгөнүн  билеерим менен кетип калдым. Артымдан издеп келген жок. Ал ашырашуу азыркыдай жүрөгүмдү ооруткан эмес. Оор азапка батырган эмес. 

Эмичи. Эми кандай күндө калдым.

Калык менен биринчи ирет көрүшкөндө эле сүйүү деген эмне экенин жүрөгүм туйгансыды. Алсыз жүрөгүм бакыттын даамын сезгенсиди. Негедир биринчи жашоом болбой калганын, мен азыр бир күйөөдөн чыккан жубан экенимди айткым келбей турду. Экөөбүз кеч жолукканга өкүнүп турдум. Экөөбүз жолугушуп жүрдүк. Көп ирет өткөн күндөрдү, жубан экенимди айтууга ыңгайлуу учурлар болду. Андай учурларды колдон учурдум. Бирок айта албадым. Айтсам эле кечигип тапкан сүйүүмдөн заматта ажырачудай, турмушумда бороон башталчудай  сезимде болдум. Биздин сезимдер күндөн күнгө тереңдей берди. Бир бактылуу күнүмдө Калык колумду сурап, белегин тартуулады. Көзү балбылдап толкунданып алган. Кубанып алган. Анын чын дилинен, чын сүйүүсү менен колдорума шакек тагып жатканда өзүмдү бир уу жылаандай сезип турдум. Кыйналып турдум. Дал ушул учурда баарын ачык айтышым керек болчу. Жок мен бейбак анда айтпадым. Кубанычтуу ал ирмемдерди түбөлүкө кармап калчудай сездим. Белгиленген тойубузга саналуу күндөр калды. Той болоор күн жакындап келе жатты. Той болоорго аз күн калганда Калыктын жеңелери мен тууралуу абдан сураштырышыптыр. Биринчи турмушум тууралуу айткам деп ата-энемди да алдаган элем. “Калптын казаны кайнабайт” болуп тойго эки гана күн калганда баары ачыка чыгып калды. 

“Акылай мен сени жолуктурганыма тагдырыма ыраазы болгон элем. Эч бир кызды сенчелик чын сезимден жактырып сүйгөн эмесмин. Сенин көздөрүң бае, аялуу көрүнчү. Сага эч кимге алмаштыргыс сезимим бар эле. Мен баарын түшүнмөкмүн. Баарын туура кабыл алмакмын. Ата-энем да түшүнүктүү адамдар. Алар да туура кабыл алышмак. Алдын ала баары кабардар болмок. Бирок мени алдаганыңдын баары ата-энемдин көзүнчө ачыка чыкты. Туугандарымдын, досторумдун алдында сындырып койдуң.  Биз баш кошо электе ушундай  алдамчылык болсо, кийин кандай күндөрдү күтсө болот. Эми биздин жолубуз башка. Бактылуу бол”

Калыктан ушундай акыркы кат келди...

Баардык туугандарыбыз, дос кошунабыз эмне дешсе ошо дешсин. Мен сенден ажырап отурам. Көпчүлүк убакта жигиттер кыздарын алдап кетет. Тескерисинче кыз болуп туруп сени алдадым. Таза сүйүүңдү тебеледим. Мен да сени жоготуп алуудан ушундай оор кунго дуушар болгондон коркуп ушул жолду тандап алганымды, сени кандай гана сүйөөрүмдү билсен гана. Кечир мени... 

Акылай Айдинова 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер