Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кундуз Садабаева: “Якутиядагы кыргыздар Украина согушуна катышууга кызыгып жатышат...”

Кундуз Садабаева: “Якутиядагы кыргыздар Украина согушуна катышууга кызыгып жатышат...”

12-октябрь, 09:00
274 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саха (Якутия) Республикасынын жалпы россиялык Кыргыз конгрессинин аялдар комитетинин жетекчиси менен маек.

-- Кундуз эже, Якутияга келгениңизге бир топ жыл болуптур. Бул күндөрү мобилизация көйгөйүнүн биздин мекендештерге таасири кандай болуп жатат? Кыргызстанга кеткендер көппү?

-- Якутияга келгениме жети жыл болду. Ошондон бери Саха (Якутия) Республикасынын жалпы россиялык Кыргыз конгрессинин аялдар комитетинин жетекчиси, диаспоранын орун басары болуп эмгектенем. 

Негизи, мобилизация Кыргызстандын жарандарына тийешелүү эмес. Жакында бизде миграция башкармалыгында жыйын болуп, баардык диаспораларды чакырып, аскер комиссариатынан кишилер келип, мобилизация тууралуу шарттарын айтып кетишти. Кыргыз жарандары келишимдин негизинде (запастагы офицерлер, союз убагында армияда кызмат кылгандар) “жарандык алабыз” дешсе, кабыл алышарын билдиришти. “Кандай төлөнөрүн түшүндүрөбүз, өз тилиңерде да жеткиргиле” деген суранычтарын айтышты. Мен өзүм Кыргызстандын жаранымын. Орус жарандыгын алууга эч кимди үндөгөн жокмун. Антип айтууга укугум да жок. Жергиликтүү бийлик суранса да түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жокмун. Анткени булар жөн эле службага кетишкен жок. Кай жакка кетип жатышканын баарыбыз билебиз. Кыргызстандагы жарандардан “келишимдик негизде иштеп келет элек, жарандык алат элек” деген чалуулар болду. Бирок мен аларды шыкактоодон алыс турдум. Дүйнө жүзү көрүп тургандай, согуш жүрүп жатат. Мекендештеримдин согуштан алыс болуусун эле каалайм. 

-- Орун-очок алып, орус жарандыгына ээ болгон мекендештер тууралуу айтсаңыз?

-- Көп жылдан бери иштеп жүргөн, орус жарандыгы бар эмгек мигранттар кетип жатышат. Бул жакта аскердик кызмат өтөп, аскердик чин алгандарды да чакырышууда. Биринчи этапта 2-3 мекендешибиз кетти. Ал эми Кыргызстанда аскердик кызмат өтөп, жарандык алганына 3-4 жыл болгон эмгек мигранттарын азырынча чакырган жок. Өздөрү эле кайрылып, келишим түзүп кетишпесе, Кыргызстандын жарандарына эч кандай коркунуч жок. Мен аял катары, эне катары Россия–Украина тирешине биздин жарандар аралашпай эле койсо (!) деген пикирдемин. 

Башында элдер чочулап, “өлкөбүзгө кетсек болобу? Бул жактын жарандыгынан чыгып, өз өлкөбүздүн жарандыгын кантип алабыз?” деп дүрбөлөңгө түшкөндөр болду. Айрым орус жарандыгы барлар мекенге учуп кетишти. Бирок өтө көп эмес. Энелердин жүрөгү түтпөй, балдарын чакыргандар да арбын. Учурда дале тандоолор болуп жатат. Бирок запастагы офицерлерди, сержанттарды алып кетишүүдө. 

-- Якутияда жайгашкан мекендештерибиздин саны канча? Негизги  көйгөйлөрдү айтсаңыз?

-- Бул жактагы эмгек мигранттарынын көйгөйү катталуу (прописка) боюнча болот. 2021-жылы 29-декабрда Россия Федерациясы жаңы указ кабыл алган, “жаңы келген мигранттар бул жактан медициналык кароодон жана дактилоскопиядан өтсүн” деген талаптары бар. Буга чейин жаңы келгендер гана  өтүп жүрсө, учурда мурдатан жашагандарды деле өткөрүүгө шарт коюп койду. 

Якутияга көпчүлүк мекендештер балдары менен келген. Алты жаштан өйдө бул талаптарды аткаруу керек. Негизги көйгөй – балдарга камсыздандыруу полиси берилбейт. Ушунун азабын тартып, кыйналгандар арбын. Ошондуктан балдарга медициналык кам көрүү жокко эсе. Балдары менен келип, медициналык кароодон – дактилоскопиядан өтүүгө бир топ каражат керек. Ушул жагын тийешелүү адамдар чечип беришсе, бир топ жеңилдиктер каралат эле. 

Учурда Якутиянын баардык шаарларындагы мекендештерибиздин саны 6-7 миңдей десем жаңылышпайм. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер