Акыркы кабарлар
» Коом » Досун куткарууга аракет кылган 7 окуучу каза болду
Досун куткарууга аракет кылган 7 окуучу каза болду
22-июнь, 13:08

Кытайда сууга чөгүп жаткан досун куткарууга аракет кылган жети окуучу каза болду. Бул тууралуу кытайлык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, окуя 21-июнда Туннань уездинин Мисьнь калктуу конушунда орун алган. Жергиликтүү бийлик органдарына Фуцзян дарыясына окуучу түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Издөө жана куткаруу иши дароо башталып, жалпы 200дөн ашуун адам тартылган. Бирок, куткаруучулар 8 окуучунун жансыз денесин дарыядан алып чыгышкан.
Маалыматтарга караганда, бардык балдар жергиликтүү мектептин баштапкы классынын окуучулары болгон. Эс алуу күнү алар дарыянын жээгине ойногону кетишкен. Алардын бири кокусунан дарыяга кулап кеткенде, калган 7 окуучу аны куткарууга аракет кылып жатып, алар да суудан чыга албай калышкан.