Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алиясбек Алымкулов: “Кыргыз эл-жерин түптөгөн аталарыбыздын жолун улайлы”

Алиясбек Алымкулов: “Кыргыз эл-жерин түптөгөн аталарыбыздын жолун улайлы”

26-январь, 09:00
1 184 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Биздин жаштарга үлгү болчу адамдар болгонбу?

-- Айкөл Манас 14 жашында 40 чоросу хан шайлап, 16 жашында бүткүл кыргыз мамлекетин бириктирген хан болгону үлгү эмеспи? Айкөл атабыздын жашоосу, кылган аракеттери кыргыз элине арналган. Бул айтып бүткүс мухитке айланган океан. Же Барсбек каган атабыздын ар бир кылган аракети, дили, жасаган иштери, элди эл кылып түптөп, тамырлуу кылып, кылымдарды карыткан улуу дөөлөттү түзүүдөгү аракетинде жашап өтпөдү беле? Же ал адамдын жашоосу бизге үлгү болбой калдыбы?

ХIV кылымда эле монголдордун баскынчылыгынан чыгып, өз алдынча Тагай бий атабыздын алдында мамлекетке айланып калбадык беле? Айрым бир коңшу мамлекеттер “биз Чыңгызхандын тукумубуз” деп мактанып же алар ушу күнгө чейин ошол Чыңгызхандын алдындагы эл болуп келе жатабы? А биз ХIV кылымда эле өз алдынча түптүү, түтүн булаткан, башка элдер менен теңтайлашып, тең тура алган мамлекетке айланып калганыбыз ырас.

Эр Табылды атабыз өтө эле жаш курагында бийликке келген. Өмүрү өткөнчө өз алдынча саясат жүргүзүп, эч кимдин көзүн карабай, бир да мамлекеттин этегине таазим этпей, эгемендүү элди башкарып келбеди беле же ал бизге үлгү эмеспи? Хан Курманбек, хан Сейитбек жана андан кийинкилер кыргыз элине кызмат кылып, бараандуу, күчтүү мамлекеттер менен теңата сүйлөшүп мамиле кылгандары тарыхта көп кездешет эмеспи. Же аялзаты болуп туруп Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал, Гүлгаакы апаларыбыздын баяны, кийинки эле Курманжан датка бизге үлгү эмеспи?

Жараткан мезгил-мезгили менен жок болуп бараткан учурларында, тайгак ашуу, тар жолго такалганда улуу инсандарды берип, эл тагдырын туура багытка салып, мамлекеттүүлүктү сактап келген. Кечээ, жаңы тарыхта эң жаш болуп туруп, 19 жашында айткан ойлоруна Ленин таасирленген Жусуп Абдрахмановчу? Кыргыз адабиятына ат көтөргүс салым кошуп, кыргыз элине жалпы адабий тилди киргизе алган, улуу ишмер, көсөм инсан Касым Тыныстанов бизге үлгү эмеспи? Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Төрөкул Айтматов, Ишеналы Арабаевдер кыргыз тарыхына из калтырган инсандар. Же кыргызда биринчи мамлекет башчысына келген Исхак Разаков болгону 35 жашында өлкөнү башкарып келди го, эмне, бул адамдар бизге үлгү болбой калдыбы?

Андан бери келе турган болсок, Улуу Ата мекендик согушта эчен бир улуу инсандарыбыз, канча деген мыкты агалар, аталарыбыз эл четинде, жоо бетинде мекенди коргоп, канчасы шейит кетишти? Чолпонбай Түлөбердиев, Дүйшөнкул Шопоков, Анварбек Чортеков, Казак Жаркымбаев, Дайыр Асанов, Калыйнур Үсөнбеков, Самат Садыков агаларыбыз чыкты го... Айта берсе алардын чети оюлбайт. 150 миңдей жоокер орден жана медалдар менен сыйланып, 73 жоокер Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыган. Кыргызстандык 29 жоокер “Даңк” орденинин үч даражасы менен сыйланган. Алардын ичинен 8 жоокер “Даңк” орденинин үч даражасын тең алган. Дал ушундай аталарыбыздын көчүн улайлы...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер