Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мыйзам иштеген мезгил келгенде Фарход Алимжанов менен Фархат Исмаилов жоопкерчиликке тартылат

Мыйзам иштеген мезгил келгенде Фарход Алимжанов менен Фархат Исмаилов жоопкерчиликке тартылат

17-март, 20:52
2 253 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Депутат Фарход Алимжанов кесиптеши Жаныбек Абировдун көчө мушташы боюнча кечирим сурап, арачыга түшүптүр. “Эчки тууй албай жатып, койго аначы болуптур” деген кепти эстейсиң да. Бул өзү мыйзамсыз Жогорку Кеңеште отурганын сезбейби? УКМК иликтеп, атайын билдирүү тараткан. Анда Фарход Алимжанов менен Фархат Исмаиловдун дипломдору жасалма экени тастыкталган. Бирок убакыттын өтүшү, пулдун күчү аркылуу мандаттарын сактап, уялбай экөө тең шапар тээп жүрүшөт. Мыйзам иштеген бир мезгил келет, ошондо кайрадан тергөө жүрүп, жазаларын алары шексиз. Себеби, мамлекетти, элди алдаган узабайт. Көз боёмочулуктун да чеги болуш керек да! 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер