Тилек Тюкебаев Бишкек ШИИББ жетекчилигине ашыгып атабы?


“Көргөндөн көрө элегиң көп” дегендей, улам бир кызыктарга карк болуудан жадабайт окшойбуз. Свердлов РИИБ начальниги Тилек Тюкебаев Бишкек ШИИББ жетекчилигине көз артып, көптөн бери аңдып жатабы? Бул таризде өздүк курамда күбүр-шыбырлар козуп чыгууда. Мурда жабык маанайда сөз болсо, эми ачыкка чыга баштадыбы?
Ал эми Бишкек ШИИББ начальниги Азамат Токтоналиев профессионалдык деңгээлде ишмердигин аткарууда. Милициянын кадыр-баркын көтөрүп койду. Чыныгы реформа борбордон башталганын кантип жашырабыз? Келечекте Азамат Токтоналиев ИИМдин орун басары болуп кетсе, бошогон орунга Тилек Тюкебаевдин келиши арсар го... “Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” дечү эле.
Негизи жогорку кызматтарга көтөрүлө турган кыйын кадрларды качанкыга чейин көрмөксөнгө салабыз? Мыктылар бар, бирок алар жулунушпайт экен да...











