Кайсы эмгеги үчүн? Базарбековго сыйлык берген Абдыкадыровдун амалдуу жүрүшү
Барган сайын мамлекеттик деңгээлдеги сыйлыктар баштагыдай бааланбай, баркы түшө баштаганы жашыруун эмес. Тааныш-билишке берилген, “кол ийрисине тарткан” же сатылган наамдар көбөйдүбү? Албетте, татыктуулар деле эске алынат, бирок көп учурда татыксыздар сындарды жаратып келгени ырас. Ошол эле кезде “облустун, райондун ардактуу атуулу” дегендер иргелбей эле таратылып калганбы? Бул багытта өткөн жылы Икрамжан Илмиянов алганда да көпчүлүк кандай гана жерге түкүрүштү?..
Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго “Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу” деген наамды губернатор Эмилбек Абдыкадыров ыйгарды. Кайсы эмгеги үчүн? Соттордун байма-бай пара менен кармалганы, укуктук абалыбыздын начарлап кеткени, карапайым элибиздин дээрлик катмары акыйкаттык таппай сыздашканы, айтор, ушундай көрсөткүчтөрдүн “урматына” сыйландыбы? Мындай чиновниктердин жарытылуу деле иши жок, бири-бирин эле “пайлай” беришеби? Жогорку сотко Замирбек Базарбеков төрага болгону алдыга жылууну көрө албадык, баягы эле коррупциялашкан системаны тескемиш этип отурат. Элге эмне жакшылыгы өтүп кетти? Ал эми Эмилбек Абдыкадыровдун позициясы түшүнүктүү, амалдуу жүрүшү менен өзүнө пайдалуу гана иштерди көздөйбү? Сыягы, түшүнбөйсүң да. Сыйлыктын дагы баркын кетирип бүтүрүштү окшойт...
Эми мындан ары тийешелүү жетекчилик тыкыр карап, татыктууларды таамай көрө билүүгө барышы зарыл. Жогорку чин-даражага жеткендер таасирдүүлөр, байлар эмес, чыныгы эмгек кылгандар, билимдүүлөр, таланттуулар иргелсе...
"Азия Ньюс" гезити