“Юбкадан башка кийимиң жокпу?” деп мазакташкан эле...
Айымдар, өзү күбө болгон турмуштук окуялар тууралуу жазып турган блоггер эжебиз Ташбү Жамилова “Дүйнө тегерек” деп башынан өткөн окуяларга токтолгон.
Мектепти бүткөндөн кийин көп жыл көрбөгөн бир сиңдимди районубуздагы базардан жолуктуруп калдым. Учурашып эле ал акыбалын, бала чакасын сураштырып божурадым. Башымдан ылдый бир карап “ыы-ыы” деп койду.
Кеттим.
Кийин сураштырсам күйөөсү чоң кызматта экен.
Бир топ жыл өткөндөн кийин, уулум “апа биз тараптык жээн менен тааныштым. Апасы биз тараптык экен” деп ушул сиңдини айтты. “Атасы башка аялга үйлөнүп, апасы рухий жактан ооруп калыптыр” деди.
ххх
Мектепте иштеп жүргөндө жөнөкөй кийинчүмүн. Ошол мезгилде теңтуш, алысыраак кайындардан бири (аял киши), эки дежурный “юбкадан башка кийимиң жокпу?” деп элдин көзүнчө мазактагансып, каткырып күлгөн.
Жыл өтүп өзү ошондой болуп калды, тобоо, тобоо кылам...
Чүпүрөк чечпейт тагдырды, ким кымбат кийинсе, ал аялда бир бактысы жетишпейт...