Темир Сариевди “Ата Мекенден” чыгаруу үчүн кылмыш иши козголобу?

“Ата Мекен” партиясына кошулуп, парламенттик шайлоого аттанган Темир Сариевдин арты казылып, атайын топ кылмыш ишин козгоо боюнча шугулданып атканын эшиттик. Премьер-министр кезиндеги ишмердиги текшерилип, натыйжада, агездеги жардамчысына камактан чыккан Дүйшеев көрсөтмөлөрдү берип, курал-жаракка байланыштуу “илинчээкти” таап чыгышканы кандай? Ошондо “ойлоп табылган” кылмыш иши катары Темир Сариевди жарга такашып, “Ата Мекенден” чыгаруу үчүн күчкө салышабы? А эл эмне дейт? Эгерде Темике электоратына таянып, саясый куугунтуктун арааны жүрүп атканын коомчулукка ачык айтып, радикалдуу оппозицияга аттанса, бийлик коркуп кетпейби? Көрө жаталык, “Акшумкардын” лидери Бакиевдик системадан коркпой, аягына чейин күрөшүп, төңкөрүш жасаганга чоң салым кошкону эсибизде. Бул саам тымызын сүйлөшүүлөр менен “жабылуу аяк жабылуу бойдон калабы”, же айыгышкан ачык каршылашуу болобу?..
Aryba.kg