Ал өз үй-бүлөсүнө кетти. Мен “он үч жылдык урандылар” менен жалгыз калдым


Капыстан интернеттен бир жигит менен таанышып калдым. Ал менден бир топ жаш кичүү болчу. Жаш айырмачылыгыбызга карабай, экөөбүз бат эле тил табышып, бири-бирибизге жакын болуп кеттик.
Ал кезде мен көптөн бери ажырашып, кызымды жалгыз тарбиялап жүргөн элем. Кат алышып баштагандан бир күн өтпөй эле жолугуп калдык. Экөөбүз тең бири-бирибизди жактырып калдык.
Балким, бул жерден мени айыптагандар да чыгар. Анткени ал менден кичүү эле эмес, ошол учурда үй-бүлөлүү болчу. Ошого карабай, мамилебиз уланып, эки жылдай сүйлөшүп жүрдүк. Андан дагы эки жыл өткөн соң, ал аялы менен ажырашты. Чынын айтсам, алардын ажырашуусуна менин тиешем болгон эмес.
Анын мага болгон сезими мен күткөндөй күчтүү болбосо да, мен анын жанында келечек бар деп ишендим. Экөөбүз баш кошуп, бирге жашап калдык. Ошентип, өмүрүмдүн кийинки он үч жылы ошол адам менен өттү.
2018-жылы ал аскер кызматкери болгондуктан, Баткен тарапка кызмат өтөөгө кетти. Андан кийин пандемия, карантин башталды. Аралык көбөйгөн сайын экөөбүздүн ортобуздагы жакындык да акырындык менен алыстай баштады. Мурдагыдай сүйлөшпөй, бири-бирибизден бара-бара сууй баштадык.
Акыркы убактарда ал ата-энеси менен жашап жүргөнүн билчүмүн. Бирок күтүлбөгөн жерден анын мурунку үй-бүлөсүнө кайтып барганын билдим.
Бир күнү мага: «Балдарым чоңоюп калды. Ата-энем да ортого түшүп, кайра жараштырышты», - деди.
Ушул сөздөрдөн кийин дүйнөм астын-үстүн болуп кетти. Мына, арадан алты ай өттү. Бирок мен дагы деле бул чындыкты толук кабыл ала албай жатам. Кээде баары түш сыяктуу сезилет. Кээде 13 жылдык өмүрүмдү бир заматта эле тартып алышкандай сезилет.
Он үч жыл... Бул жөн гана календардагы жылдар эмес. Бул менин жаштыгым. Күтүүлөрүм, үмүттөрүм, сүйүүм, өткөргөн күндөрүм. Бир адамга ишенип, бүтүндөй өмүрүмдү ошол адам менен байланыштырып жашадым. Эми ошол жылдардын баары артта калды. Эң оор жери – адамдан гана эмес, өзүмдүн бир бөлүгүмдөн айрылгандай болуп жатам. «Эмнени туура эмес кылдым? Кайсы жерден жаңылдым? Эмне үчүн мунун баары ушундай бүттү?» деген суроолор улам-улам жанымды эзет.
Ал өз үй-бүлөсүнө кетти. Мен “он үч жылдык өмүрүмдүн урандылары” менен жалгыз калдым. Убакыт баарын дарылайт дешет. Бирок азырынча жүрөгүм бул жоготууну кабыл ала элек.
Мен болгону бир нерсени түшүнгүм келет: адам бүтүндөй жаштыгын, жүрөгүн, ишенимин арнаган адамынан ушинтип бир күндө ажырап калганда, кайрадан өзүн кантип табат?..
Нурия











