Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Текебаев баштаган партиялык курулуш жокко чыгат”

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Текебаев баштаган партиялык курулуш жокко чыгат”

20-февраль, 20:42
2 108 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Исхак Абсаматович, шайлоо системасын өзгөртүү боюнча мыйзам долбооруна көз карашыңыз кандай?

-Варианттарын издеш керек. Мыйзам чыгаруу, эл өкүлдөрү жыйыны кылсак да болот. Мыйзам чыгаруучуларда профессионалдар иштеп, эл өкүлдөрү жер-жерлерден шайланып келсин. Биз 2000-жылы ага өткөнбүз, жаман эмес болчу. Эл өкүлдөрү сессияга эки жолу келип, жер-жерлердин көйгөйлөрүн чечүүгө аракет жасашчу. Азыркы жаңы мыйзам боюнча шайлоо системасы толук өзгөргөнү жатат. Партиялык системадан баш тарттык. Эми партия формалдуу гана жашап, талапкерлерди көрсөтүүгө гана катышат. Текебаев баштаган партиялык курулуш жокко чыгат. Коммунисттер, дагы бир-эки партия гана калышы мүмкүн. Биз мүмкүнчүлүк таап, көпчүлүк шайлоочуларды өзүбүзгө ишендирип, 30 округдан өз талапкерлерибизди чыгарсак болот, теорияда. Бирок, факт жүзүндө андай болбойт. 

-- Кандай дейсиз, шайлоо өз убагында өтөбү? Себеби, “азыркы парламент мезгилинен эрте тарайт экен” деген сөздөр айтыла баштады...

-- Мен мына бешинчи жолу шайланып келдим, өз тажрыйбамды айтайын. Ар жолу шайлоого бир-эки жыл калганда ушундай сөздөр чыгат. Аны депутаттар чыгарган жок. Акыркы бир жылда депутаттар шалпайбай, кеңешмеден качпай, жакшы иштеп берсин деген максат. Алар максатына жетет. Көрдүңөр го, бир жуманын ичинде “эч кыжалат болбогула, азыркы парламент мөөнөтүнүн аягына чейин иштейт” деген сөз үч жолу айтылды. Бүгүн төрага айтты, ага чейин анын орун басалары айткан болчу. Ушундан улам депутаттардын бир тобу “БШКнын төрагасынын алмашканы, жанагындай сөздөрдүн айтылганы бекеринен эмес. Демек, жакында шайлоо болот го” деп ойлоп калышты. Бул старт деген сөз да. Эми жума сайын биз жер-жерлерге барып, эл менен жолугушабыз. Мектептерди, көпүрөлөрдү ачабыз, спорт оюндарын өткөрөбүз. Айтор, “кийинки чакырылышта да шайланабыз” дегендер абдан чоң иштерди жүргүзө башташат.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер