«Электр станциялары» ишканасына жаңы директор дайындалды


Айдаралиев Айбек Байсулдаевич «Электр станциялары» ААКнын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.
Айбек Айдаралиев 1974-жылы туулган. Жогорку билимдүү.
Белгилей кетсек, «Электр станциялары» ишканасы Кыргызстандагы электр энергиянын 98 пайызын өндүрөт. Анын курамында 7 ГЭС, 2 ЖЭБ жана «Бишкек жылуулук тармактары» компаниясы бар.
Чек арадагы куралдуу кол салууда мерт болгондордун саны 63кө жетти
Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда мерт болгондордун саны 63кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Аталган мекеме чек ара жаңжалында ажал тапкандардын тизмесин расмий жарыялай элек. Соңку чек арадагы кагылышта 206 адам жараат алган.
16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.











