Абдиламит Матисаковдун жаңы китеби жарык көрдү

КР эл жазуучусу Абдиламит Матисаковдун “Уроки доброты” аттуу орус тилиндеги жаңы китеби жарык көрдү. Китеп өз ичине ар кандай жанрдагы чыгармаларды камтып, ага белгилүү жазуучулар жана маданият ишмерлери тууралуу аңгеме, очерктер жана адабий бейнелер кирген. Буга чейин калемгердин көрүнүктүү актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов тууралуу «Сказание о Суйменкуле» аттуу даректүү повести, ошондой эле айрым аңгемелери, очерктери орус тилинде жарык көргөн. Орус тилдүү окурмандар эми бул орошон талант, оригиналдуу жазуучунун чыгармачылыгы менен кененирээк, жакыныраак таанышууга мүмкүнчүлүк алып отурушат.
Абдиламит Матисаковдун өзгөчө стилге, тематикага ээ, анын эч кимдикине окшобогон майин, ширин тили бар, ошол эле учурда жазуу манерасы жагынан кыргыз прозасынын мыкты салттарын улантуучу да болуп санала тургандыгын белгилей кетели. Адабият таануучулар Абдиламит Матисаковдун ысымын дайыма Кеңеш Жусупов, Мурза Гапаров сыяктуу кыргыз прозасынын чыгаан чеберлеринин ысымы менен бир катарга коюп, кошо аташат. Жазуучу жана публицист Абдиламит Матисаковдун чыгармалары окурмандар арасында эчактан бери кеңири таанымал. Абдиламит Матисаков көп жылдар бою кыргыздын төлбашы басылмасы – “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору болуп, республикалык мамлекеттик телерадиокомпаниясын жетектеп, башка маанилүү жетекчилик кызматтарды аркалап келгенине карабастан, өткөн кылымдын 80-жылдарынын орто ченинде кыргыз адабиятына үркөр топ болуп келген муундун өкүлдөрүнүн арасында эң алдыңкылардын бири бойдон калууда.
Автордун баардык эмгектерин, анын ичинде ушул жыйнакка кирген чыгармаларды да орус тилине белгилүү жазуучу, адабият таануучу жана котормочу, бүткүл союздук Горький атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Мамасалы Апышев которгон. Бул китеп жогорку чеберчиликте жазылган нукура адабият адамзатты дайыма адамгерчиликке чакырып, боорукерликке үндөөрүн дагы бир жолу эске салып турат.