Акыркы кабарлар
» Коом » Көмүр казууга катуу көзөмөл керек
Көмүр казууга катуу көзөмөл керек
10-октябрь, 08:28
486 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Баткенде өз алдынча көмүр казган 6 адам каза болду. Бул мындай биринчи кырсык эмес. Баткен облусунун мурунку губернатору Мамат Айбалаев көмүр казуу татаал маселе экенин, бул тармакта коопсуздук жагы өтө кылдат болушу керек экенин айтты.“Көмүр өндүрүү менин билишиме караганда, союз убагынан бери келе жаткан көйгөйлөрдүн бири. Бул тармакта коопсуздук жагынан өтө чебердик, биримдик менен иш жүрбөсө, ал жерде дайым ушундай кырсыктар болуп турат. Көзөмөл катуу болушу зарыл. Ошол жерди ишке ашырган адам көмүрдү казып келүү боюнча баардык тартипти чеги менен сакташы шарт. Көмүр казуу бул өтө кооптуу иш болгондуктан, бул татаал тема. Бул тармакты мамлекет жетекчиликке алып, көзөмөлдөп турушу керек. Эгер көзөмөл жок болсо, ушундай окуялар боло берет” деди Айбалаев.
"Азия Ньюс" гезити