Ленара Ниязбекова: “Эт контрабандасы Өзбекстан менен чектешкен жерлерден агылып кирүүдө”

«Кыргызленд» экспортерлор жана импортчулар ассоциациясынын төрайымы менен маек.
-- Айыл чарба азыктарын экспорттоодо түрдүү көйгөйлөр жаралып келет. Буга министрликтин айыптары барбы? Жакшы нук табууга мүмкүнбү?
-- Биринчиден, айыл чарба экспортторун жолго коюу, аны системдештирүү процесстери бүгүнкү күнгө чейин өз нугуна түшкөн жок. Бул экспортко чыгуу, туруктуу рыноктон орун алуу, рыноктун талаптарына жооп берүү деген нерселер. Мунун баары аябай тер төккөн эмгекти талап кылат, жөн гана колдун учу менен жасала турган, айтып койсоң эле өзү боло бере турган нерсе эмес. Кыргызстанда экспорт актуалдуулугу дагы деле ачык боюнча калып жатат. Ошону менен бирге өзүңөр көрүп жатасыңар, жыл сайын ар кандай айыл чарба азыктарына болгон тыюулар экспортту системдештирүү ордуна араңдан зорго жанданып келе жаткан системага өздөрү кээде байкап-байкабай бөгөт коюп алып жатышат.
Мисалы, жакында көйгөй жараткан пиязга токтолсок. Негизи, ички рыногубуз толук канааттандырылат. Андан сырткары, импорт менен да келген пияздар бар. Ал тууралуу азыр айтпай эле туралы. Пияз өстүрүүчүлөр өздөрүнүн сатуу процесстерин кеч күздөн баштап майга чейин кармап отурушат. Бул калыптанып калган сатуу динамикасы. Биздин ар кандай тийешелүү министрликтердин демилгелери кээде жашоодогу объективдүүлүк менен дал келбей калат. Алар кээде шашып, айрым учурларда кызуу кандуулукка алдырып, так рынок тууралуу аналитиканы карабай туруп эле “тыюулар менен жакшы аракеттерди ишке ашырабыз” деп терең жаңылышышат. Анткени тыюулардын биздин экономикага пайдасынан залалы көп. Эсиниздерде болсо керек, “эт кымбаттап кетти” деп майда жандыктарды Өзбекстанга легалдуу экспорттоого тыюу салынган. Андан эт арзандап деле кеткен жок. Тескерисинче, контрабанда биздин Өзбекстан менен чектешкен жерлерден агылып кирип кетти. Ошону менен эсеби так билинбей калды. Сабиз, пияз болобу, дайыма эле “ички рынокто баа кымбаттады” деген шылтоо менен бааларды көтөрүп салышат. “Буга тыюу салышыбыз керек” деген тариз менен экономикалык туура эмес кыймылдарды жасайбыз. Анткени экспорт системдүүлүктү, туруктуулукту талап кылган өзүнчө бир чоң система, агым.
Туруктуу, системдүү абалга чыкканга бүгүнкү күндө дагы деле дараметибиз жете элек. Биз көбүнчө ички-сырткы рынокту алмаштырып алабыз. Ички рыноктогу ашкана, ички рыноктогу баа саясаты – мамлекеттик деңгээлде тигил же бул бийликтин иш аракетине байланыштуу нерсе. Экспорт – бул таптакыр башка өңүт. Эгер ички рынок менен экспортту дайыма чаташтырып отурсак, анда бизде жылыш болбойт. Экспортко багытталган айыл чарба азыктарын системдүүлүккө алып келмейинче, аракетибиз дайыма калпыс боюнча кала берет. Тилекке каршы, биздин тийешелүү мекемелерде отурган көп жолдоштордун түшүнүктөрү аябай кыскараак болуп турат...