Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Генерал Тариель Абитовдун алкоого аларлык иштери уланууда

Генерал Тариель Абитовдун алкоого аларлык иштери уланууда

24-март, 19:23
1 904 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Буга чейин генерал Тариель Абитовго карата айрым сын-пикирлер жазылып, ыңгайсыз суроолор коюлуп келген. “Убакыт баарына дары” демекчи, андагы айтылган кинелер такталган жок. “Эстелик икаясына” күбөлөр чыкпаган соң, демек калп. Калыстык керек эмеспи, ак эмгектен да кеп кылалы. 

Күзөт кызматынын начальниги Тариель Абитов буга чейин Э.Алиев атындагы ИИМ академиясын башкарган. Ал окуу жайдын билим берүүсүн жакшыртуу, сапатын көтөрүү, коррупцияны жоюу боюнча пландуу иш баштап, аягына чыга алганын коллегалары билдиришти. Мындай аракеттерге карата ич-ара бут тосуулар жасалса да, айрым чунак кесиптештери кыянаттык кылышса дагы, демилге жүзөгө ашып, ийгилиги арткан. Аныгында айрым мугалимдер камалып, тазаланууга жол чабылыптыр. Ириде, курсанттарды кабыл алуудагы паракорчулук, тааныш-билиштик менен өткөрүүгө чекит коюлуп, окууга кабыл алуу санариптик системага салынган. Ошого катар ИИМ академиясын оңдоп-түзөө иштери да ойдогудай жасалып, жаркыраган заманбап имаратка айланыптыр. Албетте, жалпы жамаат үчүн жагымдуу көрүнүш эмеспи. 

Ошентип, жогорку жетекчилик Тариель Абитовдун эмгегин баалап, өткөн жылдын соңунда жаңы орунга жылдырат. Бул ИИМдин күзөт кызматы. Натыйжада, аталган мекемени ыраатка салуу, өнүктүрүү, тазалоо жана коррупциялык айрым элменттердин тамырын кыркууга аракеттер көрүлө баштаптыр. Жакынкы айларда алгачкы жыйынтыктарына күбө болмокчубуз.  

“Медалдын эки бети бар” дегендей, бул саам генерал мырзанын үлгү аларлык аракеттерине азыноолак токтолдук. Мындан аркы да жаңылыктарына кулак салып турмакчыбыз.    


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер