Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Темирлан Султанбеков – таза шайлоонун символу!”

“Темирлан Султанбеков – таза шайлоонун символу!”

28-ноябрь, 21:03
1 079 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосунда олиграхтардын балдарына каршы чыккан Темирлан Султанбековдун камалышына эл аралык коомчулуктан бери үн катууда. Сиз кандай ойдосуз?

Рита Карасартова, укук коргоочу:

-- Темирлан Султанбековдун айланасындагы иш абдан ыпластык. Эмнеге камоого барат? Бизде канча жолу подкуп жөнүндө маселелер болуп аткан, анан ошону далилдеп көрсөтүп бере алышкан жок. Жөн эле барып тинтүү жасашып, 7 киши отурган жерден “28 миң сом тапты” деген бул өзүнчө эле ачыктан-ачык беттырмарлык да! Камап койгону, менин оюмча, бийликтин одоно жүзү! “Эй элдер, көрүп алгыла, бизге жакпаган саясатчылар бийликке келбейт” дегени. Каалаган кишиге “ой, булар бир нерсе сатып алып атышат” деп арыз жаздырып коюп, анан тинтүүчүлөр келип, “биз 10 миң сом таптык” деп подкуптун фактысын эч кимге көргөзүшкөн жок. Штабдын ичинен 28 миң сом табылып, ошонун негизинде кетишүүдө. А чынында, тескерисинче, бүт фактылардын баарын далилдеп берген, видеолорду салып, “менин атым баланча, тигинчеден берилүүдө” деген нерсеге бир да реакция кылышкан жок. Анткени, алардын аркаларында өздөрү турушат. Бул туура эмес көрүнүш, Кыргызстандагы буга чейинки төңкөрүштүн баары шайлоого макул болбогон үчүн жаралган. Менимче, бу жолкусу бийлик үчүн эң жаман репетиция!

Рита Борбукеева, коомдук ишмер:

-- Албетте, бул жаңылык бизге эле эмес, дүйнөнүн төрт бурчуна желдей тарап, Кыргызстандагы бул "сенсацияны" өтө калпыстыкта кабыл алышты да! Анткени, Темирлан Султанбековду эл аралык саясый уюмдардын жетекчилери таанып-билгендиктен (чогуу иштеп, сырт жактан да чынчыл экенин далай жолу тастыктаса керек), ал эч качан добуш сатып алууга жол бербесин да билишет.

Чынында, Темирлан Султанбеков – таза шайлоонун символу! Бишкектен эң көп мандат алса, мамлекеттен жеп-ичип, кызмат абалынан пайдаланып жүргөн чиновниктердин кекиртегине тыгылган кылкан болорун, бир сом уурдатпасын, курулуш фирмаларына бир чарчы жер бердирбесин билип, атайын кысым кылып, мыйзамсыз камашты да.

1-орунду алган, шайлоо бюллетендеги “2” деген номер добуш сатып алганын үгүтчүлөрү өздөрү интернетке жарыялашты, көрүп атабыз баарыбыз. "Жаңы күч" партиясы шайлоо алдында чыга калды. “Куванычбек Конгантиев бийликтин кол баласы” деп жазып атышат, мына ошолорго жол ачып бериш үчүн Темирланды каматканын логика көрсөтүп атпайбы! Экс-мэр Азиз Суракматов коррупцияга айыпталып, "кусуп", кылмыш козголуп чыкса керек да. К.Конгантиев экс-спикер кезде эл нааразы болгон токтом, чечим чыгарган, экс-башкы прокурордун уулу үчүн гана карьера топтогонун эл билет. Алар Темирландын ачуу сынына чычалап, бийликке таянып, ушундай кысым кылышты!

Эми ушундай ыплас шайлоого кантип бийликтегилер, Шайлдабекова уялбай мандат берип отурушат? Кыргызстандын тарыхындагы бул кара так дал ушундай шайлоонун мыйзамсыз өткөнүнөн жазылып атат да. Темирлан Султанбеков эң күчтүү, таасирдүү лидер экенин бул бийлик өздөрү моюндап койду. Анткени, коркуп камай коюшту.  

Назгүл Мамытова, журналист:

-- Темирлан Султанбеков билимдүү, эмгекчил, келечеги кең жигит. Аныгында, чоң саясатка эрте аралашып калды. Дүйнөлүк саясый чөйрөгө да аралашып, Социнтерндин вице-президенти. Анын учурдагы камалышына кызыкдар күч бар окшойт. Алар шаардык кеңешке аттанган бай-манаптардын балдары. Анткени, ал шаардык кеңеште ыңгайсыз фигура болмок. Ага коюлган айып да суу кечпей калды. Мисалы, Карамушкинанын үн жазуусунда добуш сатып алуу боюнча бир да сөз жок. Ал жерде агитатордун айлыгы туурасында сөз болуп жатат. Штабынан деле олчойгон акча чыккан жок. Темирлан жакын арада акталып чыгат деп үмүт кылам.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер