Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Жалгыз калдым деп ойлогом”. Митингде оң колунан ажыраган Ырыскелдинин тою өттү

“Жалгыз калдым деп ойлогом”. Митингде оң колунан ажыраган Ырыскелдинин тою өттү

15-февраль, 12:35
2 032 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

14-февралда Токмок шаарында октябрь окуясында оң колунан ажыраган Ырыскелди Табышбек уулунун заманбап үлпөт тою өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына байкеси Аден Турусбеков билдирди. Анын айтымында, Кегети айыл өкмөтү жергиликтүү бийликтин атынан ак өргө салып ал деп жер тилкесин белек кылды.

Той күнү Ырыскелди көзүнө жаш алып: “Мен өзүмдү жалгыз калдым деп ойлогом. Көрсө, кыргыз эли бар экен. Колдооңорго рахмат. Бүгүн үч аталуу, үч апалуу болуп олтурам. Эки чоң аталуу, эки чоң апалуу болдум. Мени тапкан ата-энеме ыраазымын” деп билдирген.

Ал эми Ырыскелдинин атасы: “Балам ооруканага түшүп калганда кан керек болду. Кесиптештериме айтсам, дароо жетип келип кан беришти. Бүгүн мен учурдан пайдаланып кесиптештериме, аяштарыма, туугандарыма, кошуналарыма, Кегети жаштарына, ошондой эле жалпы кыргыз элине терең ыраазычылыгымды билдирем. Ар бир караңгы түндүн артында жаркыраган таң турат. Байкем менин жашымда үйлөнсө, мен келиндүү болдум. Ачыгын айтсам, бактылуумун!” деп кубанычын жашырган эмес.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер