Бекташ Шамшиев, журналист: “Тоо кыдырып, сергек жашоо ыңгайын жайылтпасак, кийин кеч болуп калат”
-- Дайыма эл арасында жүрүп, биздин ички туризм, жаратылышка чыгуу жөрөлгөлөрү, тейлөө боюнча кандай ойдосуз?
-- Мамлекеттик тейлөө, сервистин кандай экенин мен айтпасам деле баарына дайын, жеке колдо болбогон жерди жемей-ичмей, уурдамай басып калат. Ал жерде өнүгүү жөнүндө кеп да болбойт, себеби жөнөкөй эле – өзүнүкү эмес, эртеңки күнү жетекчилигинен түшүп калышы мүмкүн, ошон үчүн көбүнчө утурумдук максат-мүдөө үстөмдүк кылат. Кызмат көрсөтүү, тейлөө тармагы жеке колго өтмөйүн оңолбойт, менчик компанияга айлангандан кийин тармак кантип жакшырарын айтпасак деле эл билет. Мамлекет бизнес жаатында эреже, мыйзамдарды жөндөп берсе, калганын жеке бизнес атаандаштыгы алдыга алып кетет. Шүгүрчүлүк, бул жаатта бизде дурус дегидей иштер болуп атыры, “көч жүрө-жүрө түзөлөт”, тармак мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла оңолду. Чакан жана орто бизнес элдин активдүү бөлүгүн өзүнө тартса, туризм оңолот.
Биздин эл ыкшоо, жадесе тоого жөө чыгып, жер кыдырып, кыймылдуу эс алуу жөрөлгөсүн, сергек жашоо ыңгайын байырлата элек. Бул жагынан биз цивилдүү калктардын көбүнөн артта калдык. Менимче, тоо туризмин өнүктүрүү жагын колго алып, атчан, жөө жалаңдай жер кыдыруу жөрөлгөсүн жандантуу керек.
Айрыкча узак жөө басуу, тоо арасында туризм инфраструктурасын түзүү жакшы жолго коюлса дурус болмок. Бизде машина менен жер кыдырмай жайылып баратат, бул жакшы, бирок жөө бассак ден соолукка пайдалуу, табият сулуулугун, кереметин жонтериң менен сезүүгө өбөлгө түзүлмөк.
Катуу тийсе кечирим сурайм, бирок бизде жапжаш жигиттердин көйнөк-шымга батпай, чедирейип турушу элибиздин жашоо ыңгайынын кандайлыгын кашкайтып көрсөтүп туру. Тоо томкорчу жаштардын арасынан курсактуулардын көбөйүп кетиши – элибиздин ден соолугуна кайдыгерлигинин, ыкшоолугунун, тамаксоолугунун натыйжасы. Тоо кыдырып, ой кыдырып көп басып, чуркап, сууда сүзүп, сергек жашоо ыңгайын жайылтпасак, кийин кеч болуп калат, оорулуулар көбөйөт.
Анан ушу азыр жаштар арасында кыргыз жерин жакшы билбегендер көп, муну жоюштун бир жолу – ички туризмди өнүктүрүү. Антпесек, кара курсакты гана ойлогон кайдыгер, ыкшоо, жалкоо эл бойдон калабыз.
"Азия Ньюс" гезити