Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Туз жана тоолуктар

Туз жана тоолуктар

28-октябрь, 10:24
435 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Даректүү баян)

Тоолуу аймакты мекендеген көчмөн элдердин башынан өткөргөн турмуш окуялары азыркы күнгө чейин ар түрдүү абалда айтылып келет. Айрыкча алыскы жерлерде күн кечирген биздин элдин жашоо-шарты көп эле кыйынчылыктар менен коштолгон. Андай учурлар эл эсинен кетпей, ар түрдүү окуялардын орун алышына бирден-бир өбөлгө болуп келген эмеспи. Ошондой окуялардын ичинде алыскы Ала-Бука, Чаткал өрөөнүндө жашаган көчмөн элдердин башынан өткөн не бир аянычтуу, ары кайгылуусу да жок эмес. Бүгүнкү күндө эл оозунда кадимки ичүүчү тузга байланыштуу болгон окуялар айтылып, аларды эл ар түрдүү абалда кабылдашат. Бул окуя кадимки черик уруусунун бир уругу болгон арчагендиктерге байланыштуу айтылып, ошол туз айдалган жайык бүгүнкү күндө да эл оозунан түшпөй келет. Бул элдер азыркы Терек-Сай айыл аймагына таандык жерлерде жашап турушкан. “Жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу” демекчи, тузду арпа, буудай айдагандай кылып жерге айдап, сээп алмакчы болгон бул элдин ошондогу аракети турмуш зарылчылыгынан улам келип чыкканын бүгүнкүлөр жакшы түшүнөт. Болбосо, тоо арасында жашаган көчмөн кыргыздар ал убакта тузду алыскы Анжиян, Наманган, Касан-Сай шаар базарларынан жөө-жалаң, кээде эшек, ат, төөлөргө артып, ташып ичишкен. Малга берилүүчү кара тузду да дал ошондой эле кыйынчылыктар менен алып турушкан. Ошол замандардагы болуп өткөн айрым аянычтуу окуялар бир жагынан кайгыга салса, экинчи жагынан аргасыз күлкүңдү келтирет. Ошол эле учурда мындай окуялардын аз эмес топтому ал мезгилдеги кыргыз адамдарынын баёо, таза жандүйнөсүн да таразалап тургансыйт. Байыркы көчмөн элдердин башынан өткөн мындай түрдүү турмуштук кырдаалдар эл эсинде сакталып, оозеки формада айтылып калган. Биз бүгүн ошондой даректүү окуялардын бирине кезек берип, жалпы окурмандарды тааныштырып коюуну туура көрдүк. 


Көчмөн эл көп турмушту кечирди

 Мокободу, улам курчуп, жетилди.

 Эл башынан түркүн тагдыр өтүптүр

 Эстегенде жүрөк сыздап, жешилди.


 Өрүктүнү, Кош-Теректи жайлаптыр

 Калың черик жайлуу жерди тандаптыр.

 Арчагендик деген урук бир жылы

 Берик-Булакка тузду сээп, айдаптыр.


 Тамак-ашка тузду ташып алыстан

 Жөө-жалаңдап көтөрүшкөн, басышкан.

 Төөгө, атка арткандары сүйүнүп,

 Бей-бечара жетпей жолдо жатышкан.


 Ал убакта ачарчылык алкымдап

 Аңдып жүрчү бөрү, ууру такымдап.

 Өлгөндөрдү ташка койгон корумдап

 Ажал арбап, ач тырмагын матырмак.


 Бир татымдык тузга күнү түшкөндөн

 Байкуш кыргыз түн уйкусун үч бөлгөн.

 Жоо жакалап, кылыч кайрап душмандар

 Ачык асман алай-дүлөй... бүркөлгөн.


 Омоч салып, жерге тузду чачыптыр

 Көчмөн кыргыз тоо жакалай шашыптыр.

 Күздө келсе боз топурак, боз шыбак...

 Айраң калып, акыл-эстен азыптыр.


 “Кантип эле сепкен үрөн чыкпасын?

 Сугарылган, жай да салкын, бышпасын?

 Жеп алган го биздин тузду курутуп,

 Тойсо керек түк калтырбай чыпкасын”.


 Деген ойдо аралады ат менен

 Алам деген арбын түшүм кап менен.

 Мына кызык... тойгон экен дардайып

 Бир тоголок жатат мында кеп-кенен.


 “Тири укмуш, тойгон экен капырың

 Жайлаш керек “шырп” алдырбай акырын”.

 Жыла басып, таяк камдап чабууга

 Жаза серппей, дал согууга ашыгың...


 Көп ойлонуп, жете бербей акылы

 Көчмөн журттун “көк чокулуу” баатыры

 Башын таңып, айбалтасын белендеп

 Шилтеп өттү, тарс жарылып жатыры...


 “Качып берсе, чаап алат элем” деп,

 Жакын турган чоң чокморун белендеп.

 Бир чериктин чекесине жабышты

 Карай берди түк түшүнбөй элеңдеп.


 “Токто, токто, сага жетти желмогуз

 Тузга тойгон, сени жалмайт бул доңуз.

 Ошондуктан экөөнү тең жайлайлы

 Тура тургун, ошол дурус, коркпоңуз!..”.


 Көпчүлүк эл макул көрдү баатырды

 (Ким айтмакчы мындан ийги акылды?).

 Жалдыраган эч нерсеге түшүнбөй

 Жан таслим болду байкуш, жанчылды.


 Көрсө ошол ашкабак же дарбыз деп

 Кеп салышат: “тойгон ошол жалгыз жеп”.

 Тузду сээп, арбын түшүм алууга

 Чериктердин айтылууда аңыз кеп.


 Уругу учуп катуу келип чапканда

 Чекесине жабышыптыр шашканда.

 Аны билбей баёо мүнөз биздин эл

 Ишенишкен ким эмне айтса анда.


 ...Азыр жатат туз айдалган ошол жер

 Ары-бери өткөн сайын биздин эл

 Эскеришет ата-баба жоругун

 Жогото албайт каптаса да темир сел!


 Тузу тартып эл үзүлбөйт бул тоодон

 Жолоочулар тынбай каттайт кан жолдон.

 Алты пакса атаң салган чоң коргон,

 Абалтадан байланышы зор болгон.


 Туз бул ыйык, оор дешет карылар

 Түркөйлүктөн биздин эл да арылаар.

 Илим-билим үйрөнүүдө соңку муун

 Илгеркинин каталарын дарылаар...


 ...Күн салкындап, саргаюуда бариктер,

 Бүтүп жатат ушул жылы көп иштер.

 Ишенбесең көзүң менен келип көр,

 Күн кечирет ынтымакта чериктер!


 Жашыл аалам, улуу тоолор – өскөн жер,

 Жашоо үчүн далай жандан кечкендер.

 Жандүйнөсү таза бойдон сакталып,

 Жашап келген кылымдардан көчмөндөр!


 Бакыт Баймырзаев, Бишкек шаары, Ак-Өргө конушу  

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер