Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кандагы гемоглобинди кантип тез көтөрөбүз?

Кандагы гемоглобинди кантип тез көтөрөбүз?

19-май, 12:51
9 171 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азыркы муундун балдары тамакты тандап жешет. Айрыкча май, эт азыктарынан качып, дүкөндөрдө сатылган тез даярдалуучу тамактарды жактырышат. Анан кубарып-кумсарып анемия дартына чалдыгышат. Аз кандуулук өзгөчө жаз мезгилинде күч алат. Анемия керектүү азыктын жетишсиздигинен жана адамдардын туура эмес тамактануусунун негизинде келип чыгат.

Үй шартында кайсы азыктар гемоглобинди көтөрөрү тууралуу төмөндөгү кеп-кеңештерди окуп, пайдалансаңыз болот.

·  Жаңгакты, өрүктүн кагын, мейизди майдалап, ага балды кошуп аралаштырасыз. Бул аралашманы күнүнө 1 чоң кашыктан жеп турасыз.

· Лимонду кабыгы менен кошо эт майдалагычтан өткөрүп, күнүнө 1-3 чоң кашыктан жейсиз.

· Кызылчанын 100 мл ширесин жана сабиздин ушундай эле өлчөмдөгү ширесине аралаштырып ичесиз. Мындай шире гемоглобинди тез аранын ичинде көтөрөт.

· Бир даана сабиз менен бир даана алманы кыргычтан өткөрүп, каймак менен аралаштырып салат жасап жеңиз.

· Бир стакан чийки гречканы банкага салып, үстүнө бир стакан кефирди куясыз да, түнү менен тыныктырып коёсуз. Эртең менен даяр болуп калган гречканы жей берсеңиздер болот.

· Итмурундун мөмөлөрүн термоско чай сыяктуу демдеп, ага бал кошуп ичүү да иммунитетти көтөрүп, кандын өлчөмүн калыбына келтирет.

· Кызылчаны сүргүчтөн өткөрүп, ширесин ичип, кандагы гемоглобинди көтөрүүгө болот.

· Жогоруда айтылгандардан тышкары алма, малина, кулпунай, бүлдүркөн жана анар сыяктуу азыктар кандагы гемоглобин үчүн миңдин бири болуп саналат.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер