Эрбаев иш жүзүндө Мадумаровду сатып кетсе, кийинки шайлоодо Ала-Букага кантип барат?
“Бүтүн Кыргызстан” парламентте оппозициячыл маанайда эмеспи. Лидери Адахан Мадумаров камалып чыгып, мандатынан ажыраган. Эң кызыгы, бул фракцияда Исхак Масалиевден башкасы эки жээкке ойношуп, бийликтен жалтактаган байкуштар. Мисалы, сыртынан сыпаа көрүнгөн Алишер Эрбаев “Бүтүн Кыргызстан” аркылуу мандатка жетип, бирок ишенимди актабай, бийликке ыктап жүрөт. Мадумаров камалганда каш кайтарып, каршылык көрсөтө алган эмес. “Мал аласы сыртында, адам аласы ичинде” демекчи, Эрбаев эрдемсип, Жогорку Кеңештен үн чыгарып, мыйзамдуулукту айтып калмай адаты бар. А түпкүлүгүндө партиянын идеясын сатып, туруктуу позицияны карманбай, күч органдарынан жалтактап, чыккынчылыкка өттүбү? Негизи саясатчы, депутат деген бир калыбынан жазбай, башка жээкке секирбей, туруктуу багытты карманыш керек. Тилекке каршы, Эрбаев иш жүзүндө Мадумаровду сатып кеткен соң, кийинки шайлоодо кичи мекени Ала-Букага кантип барат? Карапайым калк баарын көрүп турат. Мындайда итке таланбагай эле...
"Азия Ньюс" гезити