Дастан Жумабеков, ЖК депутаты: “Төө буурчак 10 миллиард сомго жакын киреше алып келүүдө”
-- Дастан Артисбекович, төө буурчак менен алектенген ишкерлер сизге кайрылышкан экен. Алардын көйгөйү эмнеде?
-- Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде “айыл чарба министрлигине жеңилдетилген кредиттер айыл чарба багытындагы кайра иштетүүчү ишканаларга берилсин” деген тапшыра берилген. Анан айыл чарба министрлиги мамлекеттик банктар менен чогуу кластерлерди түзүп, аларды жетиге бөлгөн экен. Мисалы, тоок фабрикалары, сүт өндүрүүчүлөр, буудайды, жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчүлөр деп. Бүгүнкү күндө Талас облусунда дыйкандардын 80 пайызы төө буурчак айдоо менен эмгектенет. Жеке ишкерлер аны тазалап, таңгактап, анан сыртка экспорттошот. Мындайча айтканда, төө буурчак 10 миллиард сомго жакын киреше алып келип, Кырызстандын экономикасына чоң салым кошууда. Мени таңгалдырганы, төө буурчак менен алектеген ишкерлер жогорудагы кластерге кирбей калыптыр. Ишкерлер кредит берген банктарга барып арыз ташташса, “силер тизмеде жоксуңар, ошон үчүн бере албайбыз” деп коюшуптур. Бул эмне деген шумдук?! Бир региондун дыйкандарынын эккен эгинин алып, экспорттогон ишканаларга кредит берилбесе, анда кимге берилет? Ошондуктан мен президент менен министрлер кабинетинин өкүлүнө кайрылып, протоколдук тапшырма бердим.
-- Төө буурчак өзүбүздө кайра иштетилеби?
-- Ишкерлер дыйкандардан сатып алып, тазалап, таңгактап, анан экспортко чыгарып атышпайбы. Ушунун өзү кайра иштетүү эмеспи? Дегеле төө буурчакка байланыштуу маселе көп. Ушу кезге чейин иш самотек менен эле келатат.