Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талант Кушчубеков: “Орустар тажиктерге тартып жатат” дегенден алыс бололу”

Талант Кушчубеков: “Орустар тажиктерге тартып жатат” дегенден алыс бололу”

07-май, 21:30
923 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат менен маек.

-- Орус-кыргыз мамилеси кандай уланат? Биздин президентибиз Садыр Жапаровдун 9-май майрамындагы парадга чакырылбаганына түрдүү жоромолдор айтылууда...

-- Бул жерде түздөн-түз “орустар тажиктерге тартып жатат” дегенден алыс болушубуз керек. Себеби, Кыргызстан дагы, Тажикстан дагы коопсуздук келишиминин мүчөсү. Россия нейтралдуу позицияны кармап турганы ошондон. Эмомали Рахмон 9-майда парадга барып, Владимир Путин менен түзмө-түз жолугары айтылып кетти. “Ал киши чакырылып, Кыргызстандыкы чакырылбай калыптыр” деп айткандан алысмын. Менин түшүнүгүмдө, атайын эч ким деле чакырылган жок. Пандемияга байланыштуу мурдагыдай чоң деңгээлде парад болбойт. Дагы күтө туралы. Кандай сүйлөшүүлөр болот, убакыт көрсөтөт. Тажикстан тарапка Россия эмне дейт? Ошого жараша биз дагы өзүбүздүн позициябызды көргөзүп, билгизе баштайбыз да. Ага чейин шашылыш бир пикирди айтуу да туура эмес. Баарын убакыт көрсөтөт. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер