“Эң ириде УКТ менен чиновниктердин байланышын үзүү кажет”

“Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү күч органдары тарабынан байма-бай кармалып келет. Бирок тамыры кесилбегени айтылып, Кыргызстан эл аралык чөйрөдө кооптуу өлкө катары бааланганы кандай? Аныгында, бийлик кылмыш дүйнөсү менен күрөшүүдө алсыздыгын көрсөтүп атабы?” деген собол таштадык.
Артур Медетбеков, коомдук ишмер:
-- Ачыгын айтканда, Советтер союзу таркап, Кыргызстан өзүнчө эгемендик алгандан бери уюшулган кылмыштуулук, “мыйзамдагы ууру”, “криминал чөйрөсүнүн өсүшү” деген абдан чоң ыплас түшүнүктөр пайда болду. Уюшулган кылмыштуу топтордун (УКТ) өсүшүнө көптөгөн жагдайлар себеп. Алардын бири системалдуу түрдө күрөшпөгөндүк. Укук коргоо органдарында ушу багытта реформанын азайышы, идеологиялык көрүнүштөрдүн жоктугу. Мектеп курагындагы балдардын бүгүнкү күндөгү тарбия-таалим алышы жана аларга тийгизип аткан тескери таасирлердин күчөшү жогору болуп кеткен. Ошого эле улай “базар экономикасына” өткөндөн кийин жапайы капиталисттик өнүгүүнүн негизинде көп нерсени акча, бийлик, кызмат чечип калгандан соң УКТнын анабашчылары, мүчөлөрү бүгүнкү күндө кыргыз мамлекетинин саясатына, экономикасына, социалдык турмушуна көп таасирин тийгизе баштады. Бирок, акыркы убактарда укук коргоо органдары буларга каршы күрөшүүдө жакшы жөрөлгөлөрдү жүргүзүп атканы көзгө көрүнүүдө. Эң негизгиси, убагында УКТнын башында тургандар криминалдык жолдорду тандоодо ар кандай мамлекеттик чиновниктер менен табакташ болушуп, бирге шугулданышып, байышкан. Жеке бизнестерин өнүктүрүшүп же белгилүү саясатчы, кээ бирлери депутат болушуп, таасирдүү фигураларга айланышты. Анткен менен моралдык маңызынан алып караганда, баары бир криминалдык жик менен сакталып калды. Буларды түп-тамырынан кесип жок кылыш үчүн системалуу түрдө күрөшүү керек. Эң ириде УКТ менен чиновниктердин байланышын үзүү кажет.
Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:
-- Уюшулган кылмыш топторунун (УКТ) тамырын кесе ала турган бизде бийлик жок. Андай ишке барыш үчүн биринчиден, керт башын сайган башчыларга чоң эрк керек. Ишти алып барууга бир күндүк же бир айлык мөөнөт жетишсиз. Чын-чынында эң коркунучтуу кылмышкерлер бийликтин ичинде болуп атканы жагымсыз көрүнүш деп ойлойм. Андай жагдайлар бизде жок эмес. Жооптуу делген укук коргоо органдарына тажрыйбасы жок, тууганчылык, партиячылык, алардын арасында куда-сөөк жана ар кандай жакындыктагы адамдар келишип, мурунку тажрыйбалуу, билимдүү адамдар ар кандай куугунтук менен айдалып кетип жатканы белгилүү. Акыркы 13 жылда 20 миңдей адистер алмашылды. Тажрыйбалуулардын баарын башка өлкөлөргө бекер берип жаттык. Мамлекеттеги ар бир төңкөрүштүн максаты жана натыйжасы – сыртагы уюшулган кылмыштуу топтор биздин байлыктарды бөлүп алыш үчүн болду.
Ал эми ар бир парламент чогулганда жана аткаруучу бийликти колкаптай алмаштырып, каржыланган каражаттарын кайрууда көпчүлүк учурда ошондой аракет менен алектенишкен топторго бийликти берип ийип аттык.
Эң коркунучтуу кылмыштуу топтор – бийликке келген ар кандай популисттик саясый уюшмалар. Тажрыйбалары жок. Ушундан улам парламентке 45 жашка чейинки инсандардын шайлоого катышуусуна тыюу салууну сунуштайт элем. Билими бар, бирок тажрыйбасы жок, популизм менен гана алек болгон адамдар көбөйдү. Алардан көрө укук коргоо мекемелеринде иштеп кеткен инсандардын саны көбөйсө жакшы болмок. Мисалы, сот болуп келиш үчүн жок дегенде үч жыл жардамчы же секретарь болуп иштеген адамдын тажрыйбасы, билими жетиштүү болмок, же тергөөдө үч жыл, прокуратурада үч жыл, РИИБде эки жыл дегендей, адамдарды сот шайлоого киргизет элем. Же болбосо, адвокат катары үч жыл ар кайсы багытта иштеген тажрыйбалуу адамдарды шайлаттырат болчумун.
Паракорлукту жоюш керек жана парламенттик шайлогоо тажрыйбалуу адамдарды алып келүү зарыл. А бизде тескерисинче, тажрыйба алгандар көчөдө калып калышат да, оозун ачкан, капчыктуу, мыйзам жазуу түшүнө кирбеген дөөпайлар парламентке келишүүдө.
Өмүрбек Суваналиев, коомдук ишмер:
-- Бул боюнча айта турган сөз көп. Анткени, бул жагдайды ичинен билген, өмүр бою УКТ менен күрөшүп келген адис адам катары айтып атам. Эми мынча болду, өтө кыска жооп кылганга аракет кылайын. Бизде бийлик алмашкан сайын эл аралык уюмдар “Кыргызстанда көмүскө экономика абдан күчтүү” деп саймедиреп келет. А көмүскө экономика кимге иштейт? Көмүскө экономика криминалга иштейт. Карагыла эми, органдын, анын ичинде милициянын балдарын алалы. Алар кандай квартираларда жашашат? Кандай машиналарда жүрүшөт? Жүрүм-турумдары кандай? Эми криминалдарды алалы, алардын машиналарын салыштырып көргүлө? Кандай үйлөрдө жашашат, эмне бизнес менен алек болушат?.. Экөөнү тараза ташына салганда эле асман менен жердей айырма чыгат. Милициянын балдары эч качан ресторандарга барган эмес, билбейт андайды. Көбүнчөсү пирожки, беляши, чебуреки жеп, чай ичип, айлыктан айлыкка чейин жашашат. Мен бул нерсени жарым жыл же бир жыл мурун айтып келген болсом, азыр деле ошондой. Эч нерсе өзгөргөн жок. Мына ушундай жөнөкөй салыштыруу эле көп нерсени билдирип атпайбы... Анан кантип кылмыш дүйнөсү менен күрөшүүнү айтып жатышат?..
Бакыт Сеитов, ички иштер министринин кеңешчиси:
-- Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери укук бузуулардын алдын алуу максатында өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында жарандар менен жеринде иш алып барып, алардын арыз-даттанууларын угуп, мыйзамдуулукту сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө.
Уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлерине жана мүчөлөрүнө тийиштүү болгон кыймылсыз мүлктөрдү, автоунааларды, акча каражаттарды жана чарбалык объектилерди изилдөө, кылмыштык киреше булактарын жана ошондой эле каржылаган жактарды жана адамдарды аныктоо максатында атайын иш-мерчемдер түзүлүп, комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүп, баардык күч-аракеттер жумшалып, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. “Кыргызстан эл аралык чөйрөдө кооптуу өлкө катары бааланып келет” деген пикирге эч кандай кошула албайбыз. Анткени бул багытта иштер күн сайын күчөтүлүп, баардыгы көзөмөлгө алынып келүүдө. Укук коргоо органдары кылмыштуулук менен күрөшүүдө эч кандай алсыздыгын көрсөткөн жок, тескерисинче, ал өзүнүн тынымсыз эмгеги менен аны ооздуктоо жана жок кылуу багытынын үстүндө иштеп келүүдө. Биз уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү аткарып жаткан ишибизди пиар кылган жерибиз жок, аларды кармоо, жоопкерчиликке тартуу багытында эр азаматтарыбыз күжүрмөндүүлүктө, ийгиликтүү иштеп жатышат. Учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчүндө турат жана ал ИИМдин ишмердүүлүгүндө кылмыштуулукка каршы күрөшүү негизги багыттарынын бири экендигин белгилейбиз.