Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкек ШИИБни Ногойбаев эмес, Кубатбеков башкарабы?

Бишкек ШИИБни Ногойбаев эмес, Кубатбеков башкарабы?

14-август, 21:29
661 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
“Бир күнү оору, бир күнү соо Алымкан...” дегендей, Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаевдин илең-салаң иштегени, коллективи чаржайыт кеткени талкууга алынып келатат. Улам баскычтары менен сөгүштүн баарын алып койду. Кайдыгерлиги жана катачылыктары үчүн... Мындай шартта Бишкек ШИИБнин штаб башчысы Улан Кубатбеков жалпы ишти көзөмөлгө алып, РИИБ начальниктерин, дээрлик жетекчилерди такалай баштаганы айтылууда. Бул көрүнүшкө өздүк курамдагылар нааразы. “Эмнеге бизге чочоңдойт? Өзүнүн ишин кылбайбы? Ногойбаев милдетин аткарбайбы? Эмне отурат?” деген суроолор жаралып, айтор, ички атмосфера бузулуп баратыптыр. Айрым РИИБ начальниктердин сөгүнүп атышканы угулууда. Ушинтип эле сазга бата беришеби? Бир катар оор кылмыштардын беттери ачылбай жатканы шаарда жаңылык эмес. Көнүмүшкө айланды. Өзгөрүү болобу, же өзөк өрттөнө береби? 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер