Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Райым Матраимов из салды, а болбосо эл көчөгө чыгып кетмек...

Райым Матраимов из салды, а болбосо эл көчөгө чыгып кетмек...

04-апрель, 17:47
966 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Эл башына күн түшсө, элин сактаар эр чыгат” дейт. Анын сыңарындай, Райым Матраимовдун колдоосу, Искендер Матраимовдун уюштуруучулугу менен 21-мартта эле апаатка каршы күрөшүү демилгеси жарыяланган... 

“Исмаил Матраимов” фонду кайрымдуулук катары 500 тонна ун, 50 тонна өсүмдүк майы жана 200 миң беткап тарата баштаган. Ошого катар 15 минутанын ичинде коронавирусту аныктай турган 20 миң экспресс-тесттерге буйрутма берилгени, ал бүгүнкү учурда медицина кызматкерлерине жеткирилгени белгилүү. Кошумча 5 миллион сом өлчөмүндөгү беткаптарды сатып алуу жарыяланып, бул жагы да жүзөгө ашып, таратылды. Чет өлкөдөн 10 даана портативдик жасалма дем алдыруучу аппараттарды алып келүү аракети көрүлүүдө.   

Ошентип, Кыргызстанда илдет жаңыдан башталганда “Исмаил Матраимов” кайрымдуулук фонду ыкчамдык менен региондордогу жакыр жашаган үй-бүлөлөргө колу жетип, көпчүлүктүн социалдык жарылуусун алдына алды. Иш жүзүндө Райым Матраимов из салды, болбосо ачкалыктан нааразы болгон катмар көчөгө чыгып кетмек. Буга чейин ал миңдеген адамдардын сообуна калып, бирок жардам бергенин ачыктачу эмес. Бүгүн болсо шарт башка... Кыртышы сүйбөгөн Өмүрбек Текебаевдин да ою өзгөрүп, “Матраимовдор өкмөткө караганда ачык-айкын жумуш жасап жатышат” деп айтып чыкты. 

Дагы бир баса белгилей турган жагдай, Райым Матраимовдун марттыгы башка байларды да ойготуп, коомчулукка үлгү көрсөттү. Көп ишкерлер ун, май, медициналык кийим-кечектерди таратып киришти. Өкмөттүн фондуна миллиондогон акча которулууда. Тилекке каршы, коронавирус менен күрөшүүдө бийликтеги тийешелүү кызматтар шалаакылыкка алдырышканы, кайдыгер болушканы сынга кабылып атат. Вирус болсо күндөн-күнгө жайылууда... 

Асланбек Сартбаев

Aryba.kg 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер