Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Иманалиев колледж директору Омуровдун ишмердигин текшертип, баа береби?

Министр Иманалиев колледж директору Омуровдун ишмердигин текшертип, баа береби?

25-апрель, 09:00
518 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президентибиз билим берүү тармагындагы реформаларды иш жүзүнө ийгиликтүү ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып берип, ошону менен бирге эле ар тараптан өнүккөн интеллигенттүү, профессионалдуу адистерди даярдап чыгарууну талап кылууда. 

Өлкөбүздүн айыл чарбасын өргө тартып кетүүгө жөндөмдүү адистерди даярдоодо С.Турсунов атындагы Бишкек агроэкономикалык колледжинин 1992-жылдан бери окутуу-тарбиялоо жүгүн мойнуна алып, бирок техникумдагы көйгөйлүү маселелерди убагында так, калыстык менен чече албай, жүрнары менен келаткан окуу жайдын директору Намир Бексултанович Омуров окутуунун интенсивдүү усулдук ыкмаларын кеңири пайдаланып, эң башкысы, студенттерге практика жүзүндө терең билим берип, айыл чарбасына керектүү адистерди даярдап чыгарууда бардык күч-аракеттерин жумшамак түгүл, илгерки атагы алыска кеткен техникумду тетири жолго салып келет. Көп жылдан бери эмгектенип көңүлү калганбы, же карылыкка моюн сунуп калганбы, айтор, окуу жайдын тамтыгын чыгарып илең-салаң кылып отурат. Абитуриенттерди тарта албай, айласы кеткенде өткөн жылы Чүй облустук “Чүй баяны” гезитине жалдырап жарнама берүүгө аргасыз болгон. Убагында убара кылбай гезит кабарчысы аркылуу 5 миң сомго келишим түзүлүп, жарнама гезитке жарыяланган. Намир Бексултанович жарыктык киши карызга өтө эле бек экен, 8 айдан ашык 5 миң сомду гезиттин эсебине которуп бербей, жалган айтып жаланып, калп айтып карганып, түрдүү шылтоонуу айтып актанып келгени кандай? 

Урматтуу КР билим берүү жана илим министри Каныбек Капашович Иманалиев колледжге келди-кетти болуп, эптеп чөп башын жулмалап иштеп жүргөн Омуров Намир Бексултановичтин окуу жайын, андагы чарбалык-финансылык жагын да терең текшертип, директорлук кызмат ордуна татыктуубу же өлөсөлүү өмгөктөп жүргөнүн да текшертип, катуу чара колдонуп, баа береби же алдамчылыгы ашынган директорду канатына калкалап калабы? Аярлай туралы... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер