Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медербек Алиев: “Депутаттар “висячий” чечим кабыл алышты”

Медербек Алиев: “Депутаттар “висячий” чечим кабыл алышты”

07-апрель, 19:30
1 157 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Медербек Кубанычевич, БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимовдун өз арызын артка кайтарып алуусу боюнча маселе эмне себептен ушул кезге чейин созулуп келатат?

-- Буга чейин эле БШКнын ал мүчөсү алтынчы чакырылыштын депутаттарына  арыз жазыптыр, “кызматтан кетем” деп. Кайсы маселе болбосун, Жогорку Кеңеште биринчи комитетте каралат. Алар “арызды канааттандыруу же канааттандырбоо маселеси палатада каралсын” деп чечим кабыл алыптыр. Андан кийин жетинчи чакырылыштын комитети да кабыл алды. Ошон үчүн  палата бул меселеге чекит коюш керек, же “калып иштесин”, же “арыз жаздыбы, жумуштан кетсин” деген бир чечимди кабыл алышы керек. Бир жылдан ашып кеткен меселе болду бул.

-- Бирок бүгүн кайра эле күн тартибинен алынып калбадыбы?

-- Ооба, дагы эле “висячий” болуп калды. Депутаттар ошондой чечим кабыл алышты. Кээ бир депутаттар сунуш киргизип, маселени күн тартибинен алып коюшту. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер