Акыркы кабарлар
» Коом » Түркияда сойкулук менен алектенип жүргөн кыргыз аял кармалды
Түркияда сойкулук менен алектенип жүргөн кыргыз аял кармалды
27-ноябрь, 10:40
1 001 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Түркияда сойкулук менен алектенип жүрөт деген шек менен 2 чет элдик кыз-келин кармалган. Алардын бири Кыргыз жараны экенин түрк басылмалары жазып чыгышты.
Черкезкөй шаарында полиция кызматы сойкулукка каршы иш-чараларын жүргүзгөн. Жыйынтыгында укук коргоочулар 3 адамды кармаган. Алардын бири кыз-келиндерди сатканга ортомчу болуп жүргөндүгү аныкталган. Ал эми кармалгандардын бири кыргыз, бири өзбек аял болгон.
Ортомчу болгон жаран “Сойкулук, ортомчулук кылуу жана мажбурлоо” беренеси боюнча айыпталып камакка алынган. Эки чет элдик кыз-келинди мекенине депортация кылуу үчүн миграция кызматына өткөрүлүп берилди.
Aryba.kg