Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сергей Слесарев: “Атамбаевди шайлоого катыштырбоо үчүн шашылыш соттоп салды”

Сергей Слесарев: “Атамбаевди шайлоого катыштырбоо үчүн шашылыш соттоп салды”

22-август, 13:25
830 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурдагы мамлекет башчысынын жактоочусу Сергей Слесарев Бишкек шаардык сотунун жагдайды иликтебей туруп чечим чыгарганына нааразы. Ал мындай бүтүмгө карата токтолуп, Алмазбек Атамбаевди шайлоого катыштырбоо аракети катары божомолдойт.

-- Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин ооруп жатканы айтылды эле, азыр ден соолугу кандай? 

-- Бүгүнкү күнгө чейин анын ден соолугунда эч кандай өзгөрүү болгон жок. Баштагыдай эле кан басымы күн сайын өзгөрүп, бирде өйдө көтөрүлсө, кээде түшүп кетүүдө. Ал эми жалпысынан алганда, түзүк.

-- Алмазбек Шаршенович эмне менен алек? Ага жакындарын киргизип жатышабы?

-- Мен Алмазбек Шаршеновичке кечээ кирип, жактоочулук жана аны коргоодогу маселелер боюнча бир топко сүйлөшүп отурдум. Тергөө изоляторунда отурган адам китеп окугандан башка эмне кылмак? Камерада сыналгы, радио, интернет тартпайт. Алтургай телефону да жок. 

-- Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун чечимин карап, бирок өзгөртүүсүз калтырды. Бул боюнча даттануулар болобу?

-- Бишкек шаардык соту эч нерсени караган деле жок. Апелляциялык инстанция формалдуу гана түрдө өттү. Сот эч нерсени карабай, кырдаалды изилдебей туруп, Биринчи Май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Чынында алар биринчи инстанцияда суралбай калган күбөлөрдү электен өткөрүп, керек болсо жооп бергендерди кайрадан укса туура болмок. Негиздүү чечим кабыл алуу үчүн алгач тараптар талап кылган маселени иликтеп, тергөөдө көрсөтмө берген адамдардын келишимине басым жасап, ага баа берүү маанилүү болчу. Биздин сунуштар көңүл сыртында калды. Мындан улам, “сот болгон жок” деп айтсак туура болот. 

-- Шаардык сот эмнеге мындай шашылыш чечимге келди деп ойлойсуз, мунун шайлоого тийешеси бар болушу мүмкүнбү? 

-- Алмазбек Шаршеновичтин парламенттик шайлоого катышуусу туурасында сүйлөшкөн эмеспиз. Мен аны так айта албайм. Бирок, соттук угуулардын өтүү тартибин эске алсак, бул аны шайлоого катыштырбоонун амалы болушу толук ыктымал.   

Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер