Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эгемен Кыргызстандын өндүрүшүнүн абалы жана Жарасул Абдураимовдун тагдыры

Эгемен Кыргызстандын өндүрүшүнүн абалы жана Жарасул Абдураимовдун тагдыры

11-август, 22:37
1 278 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Уландысы. Башы өткөн санда)

Иш тажрыйбасы:

Жарасул Абдураимовдун эмгек ишмердүүлүгүнүн башталышы 1978-жылга туура келет – ал Кыргыз ССРинин Ош облусундагы №26 жол тейлөө мекемесинде (ДЭУ) жумушчу болуп бир жылга жакын эмгектенген.

1979-жылдан 1984-жылга чейин Екатеринбург шаарындагы Урал политехникалык институтунда билим алган. Кесиби боюнча «Жарым өткөргүч жана электровакуумдук машина куруу» адистиги боюнча электрондук жабдуулар боюнча инженер-механик. 

1984-жылы окуудан кийин эле СССРдин кеме куруу жана өнөр жай министрлигине караштуу Кыргыз ССРдин 50 жылдыгы атындагы прибор куруучу заводуна (Физприбор) инженер-конструктору болуп ишке кирет.

1986-жылы аскердик кызмат өтөгөн. Советтик Армиянын катарында, Фрунзе шаарындагы №20636 аскер бөлүгүндө кызмат кылган. Танк взводунун командири, ошондой эле №20636 аскер бөлүгүнүн оперативдүү бөлүмүнүн начальнигинин улук жардамчысы болгон. Учурда запастагы улук лейтенант. 1988-жылы, аскердик кызматтан кайткандан кийин, ВЛКСМ Фрунзе зоналдык комсомолдук окуу жайында «Жумушчу жаштар жана НТТМ РК, ГК бөлүмүнүн башчысы» багыты боюнча квалификациясын жогорулатуу курсунан өткөн. Кыргыз ССРдин 50 жылдыгы атындагы заводдо (Физприбор) инженер-конструктор катары ишин уланткан. 

1990-жылы Кыргыз ССРдин 50 жылдыгы атындагы заводдо (Физприбор) парткомдун секретарынын орун басары болуп дайындалган. Партиялык иш-чараларга активдүү катышып, жаштарды демилгелеген.

1978-1979 – Кыргыз ССРинин Ош облусунун №26 жол тейлөө мекемесинин (ДЭУ) жумушчусу.            1984-1990 – Кыргыз ССРдин 50-жылдыгы атындагы заводдо (Физприбор) инженер-конструкторунан баштап, парткомдун секретарынын орун басары кызматына чейин жеткен; 1990-1992 – "Дастан" Ишкердик жана маданий кызматташтык ассоциациясынын президенти;

Ошол 1986–1989-жылдары СССРдин ыдырашы башталган. Бийлик тарабынан “перестройка” жүргүзүлөрү жарыяланган эле. Натыйжада экономиканын тармактары кескин өзгөрүүгө дуушар болду. Айрым республикалар союздун курамынан чыгарын ачык айтып, көз карандысыздыкка умтулуп жатышты.

Мындай татаал шарттарда жаш курагына карабастан, Жарасул Абдураимов учурдагы кырдаалга тез багыт алып, маанилүү жана керектүү чечимдерди кабыл алган. Ал 1990-жылы “ДАСТАН” ишкердик жана маданий кызматташтык ассоциациясын негиздеп, ага көптөгөн мүчөлөр кошулган. Жарасул Абдураимов ассоциациянын биринчи президенти болуп шайланган.

1992-жылы ачык мамлекет катары жаңы доор башталган учурда СССР ыдырап, кооперативдик байланыштар үзүлгөн мезгилде, аскердик-деңиз флотторуна керектүү союздук заказдар токтогондо, жумушчулар жылдар бою айлык ала албай калган кезде, 32 жашында эле Жарасул Абдураимовдун мурдагы СССРдин кеме куруу жана өнөр жай министрлигине караштуу Кыргыз ССРинин 50 жылдыгына арналган прибор куруучу заводго (Физприбор) кыргыздар арасынан ошол учурда эң биринчи жолу мындай чоң ишкананы жетектегенге директор болуп дайындалуусу зор окуя болгон.

1992-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк банкка (ВБ) жана Эл аралык өнүгүү ассоциациясына (МАР) мүчө болгондон кийин, өлкө ири көлөмдөгү кредиттик каражаттарды ала баштаган. Дүйнөлүк банктын ПЕСАК, АПЕАК, СОСАК, ПСРМАК, ФИНСАК, КСАК, кийинчерээк ХИПИК сыяктуу ар түрдүү программалары аркылуу республикага олуттуу суммадагы карыздык каржылоолор тартылган.

Ушул шарттарда “ДАСТАН” заводу өкмөттүк колдоосу жок эле ПЕСАК программасынын сунуш кылган кредитинен баш тартып, өз алдынча конверсиялык өнүгүү программасын түзгөн.

Цитата: "Жаңы замандын талабын дароо түшүнүп, бир жылга жеткирбей, ишкананын атын “Трансулуттар аралык “ДАСТАН” корпорациясы” деп кыргызча ат коюп, ачык акционердик коомго айландырдым. Ал убакта кыргыз өкмөтү өз адистеринин сөзүн укпай, чет элдик консультанттардын кулу болуп калышкан эле. Завод-фабрикаларды, союздук адистерди, директорлорду жок кылуу чет элден келген адис-сөрөйлөрдүн чоң миссиясы болчу. ПЕСАК деген программа менен баардык ишканаларды банкрот кылып, талкалап жабышкан..." – Ж.О.Абдураимов (“Азия News” гезити, №35 (271), 06.09.2018). 

Базар экономикасынын жаңы шарттарында ишкананын реорганизация этабы башталып, процедуранын жүрүшүндө ишкананын уюштуруучулук-укуктук формасы өзгөрүлдү. Чоң жетишкендиктин башталышы болуп Орусиядагы А.Н.Туполев атындагы авиациялык илимий-техникалык комплекси менен чогуу ТУ-34 чакан авиация учактарды чыгаруу боюнча 1992-жылы келишим түзүлгөн эле. 

Цитата: "Ал кезде ПЕСАК кредит берип, анан төлөй албай калды дешип, завод-фабрикаларды четинен банкрот катары жарыялап турушкан... Мен 1990-жылдары, Аскар Акаевдин убагында эле заводдун базасында чоң кеңешме болгондо “ПЕСАК сыяктуу чет өлкөдөн келген программалар бизге болбойт, булар өндүрүштү талкалай турган программалар” деп айткам. Бул үчүн мага сөгүш дагы беришкен..." - Ж.О.Абдураимов (“Азия News” гезити, №35 (271), 06.09.2018).

СССР убагында заводдо болжол менен 8 миң адам иштеген. Заводдун эң жакшы күндөрүндө айына 38ге чейин жаңы “аскердик изделие” өздөштүрүлүп чыгарылган эле.

1992-жылдын ноябрында заводдун алдында «Дастан» долбоорлоо-курулуш компаниясы аттуу чакан ишкана түзүлгөн. Өз ишмердүүлүгү жүрүшүндө ПСК «Дастан» ондогон имараттарды, мектептерди, пирстерди, суу түтүк тармактарын, тазалоо курулмаларын жана башка көптөгөн объекттерди куруп бүтүргөн.

Жарасул Абдураимов 1993-жылы реорганизация болгон "ДАСТАН" Трансулуттук корпорациясы” ААКтын президенти катары шайланган. Заводдун жамааты менен тыгыз иш алып барып, ишкананы жандандыруучу бир нече маанилүү долбоорлор түзүлүп, жаңы доор башталганы ырас.

Россиянын чоң шаарларына “ДАСТАН” корпорациясынын филиалдары ачылган. Элге керектелүүчү товарлардын тизмеси түзүлүп, цехтерде өндүрүш кайра башталган: аскердик өнөр жай продукциясынын негизги түрү жогорку ылдамдыктагы ВА-111 «Шквал» торпедолору жана аларды чыгаруу үчүн арналган компоненттер, тетик-бөлүктөр өндүрүлгөн.

Андан тышкары, өнөр жай приборлору, медициналык жабдуулар, роботтор, эл керектөөчү товарлар, советтик туристтерге кеңири таанымал болгон «Шмель» примустары, манты казандар, шире сыгуучу шаймандар, металл конструкциялар, кондитерлердин, наабайчылардын, дыйкандардын эмгегин механизациялоочу шаймандар жана башка ушул сыяктуу буюмдар өндүрүлчү.

Өндүрүлгөн буюмдар эл чарбасындагы жетишкендиктеринин көргөзмөлөрү (ВДНХ) аркылуу мурдагы СССР өлкөлөрүнө, Индияга, ГДРге, Польшага, Монголияга, Сирияга, Чехословакияга, Югославияга, Кытайга, Түркияга, Болгарияга жана башка мамлекеттерге экспорттолгон.

Россия менен Индиядан ири суммадагы заказдар боюнча келишимдер түзүлүп, “Дастан” заводу банкроттуктан сакталып калганы маалым. Кытайлык компаниялар менен биргелешип, үй чарба техникаларын өндүрүү иши башталган. 

Жарасул Абдураимов 1993-жылдын октябрь айында Жапонияда Кыргызстан боюнча алгачкылардан болуп JICA программасы боюнча «Базар экономикасынын шартында өнөр жай ишканаларын уюштуруу жана башкаруу» деген темада стажировкадан өткөнүн эскерте кетели.

Ал эми эң кыйыны чет мамлекеттер үчүн торпедолорду чыгарууда кооперацияны түзүү болду. Торпедолордун бир бөлүгүн завод Россия менен макулдашуу аркылуу Индияга багыттап, биринчи ири келишим түзүүгө жетишти. Торпедо жасап берүүгө бүгүнкү күнгө чейин узартылган 90 миллион АКШ долларга түзүлгөн келишим “ДАСТАН” заводуна азыр да киреше алып келип жатат.

Өткөөл мезгилдин шартында өнөр жай тармагында кээ бир мекемелер рыноктун багытында тез жана эффективдүү өнүгүшүп, өзүлөрүнүн ишмердүүлүгүн арттырууда. Бул жагдайда, мисалга, ТНК “Дастан”, ал өзүнүн ишмердүүлүгүн союз кулагандан тартып ушул күнгө чейин улантууда. Мекемеде уникалдуу технологиялык базасы менен иштеп жаткан квалификациялуу кадрларын толук сактап кала алды. Келечекте бул мекеме рентабилдүү жана эффективдүү иштегенге багыт алган. Буга LMMERSION HI TECH LTD компаниясы менен биргелешкен долбоор аркылуу Индияга продукция сатууга контракт түзүлгөн. Мунун баары, албетте, мекеменин ийгиликтүү келечегин өнүктүрүүдө, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүдө жана анын рентабелдүүгүн жогорулатууда чоң мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү. (Абдымаликов Кыдыр, “Кыргызстандын экономикасы (өткөөл мезгилинде)”, Б. “Улуу тоолор” 2016, 756-б.).

1994-жылдын 12-июлунда "ДАСТАН” технологиялык университети деген инженердик кадрларды даярдоочу мекемесин негиздеген. Бул жогорку окуу жайы көп жылдар бою өлкөнүн эл чарбасынын ар түрдүү тармактары үчүн кадрларды даярдап чыгарган.

Кыргыз Республикасынын өнөр жайынын социалдык-экономикалык кризисинин шартында сакталып калгандыгы үчүн 1994-жылдын 26-октябрында "Дастан" ТУК ААК эл аралык «АЛТЫН ГЛОБУС» сыйлыгы Данияда Копенгаген шаарында ыйгарылган. 

Ири аскердик заводдун өндүрүштүк потенциалын сактап калуу, анын базасында курулуш комбинатын жана жогорку окуу жайын түзүү – мунун баары Жарасул Абдураимовдун стратегиялык ой жүгүртүүсүнүн далили. Бул анын заводдун жамаатынын гана эмес, бүтүндөй мамлекеттин келечеги жөнүндө терең кам көргөн инсан экендигин көрсөтөт.

Заводдун аянты 26 гектарды түзгөн. 1995-жылдын 2-майында «Дастан» заводунун №12 жана №19 цехтеринин негизинде «Дастан-12» аттуу өндүрүштүк компания түзүлгөн.

«Дастан» заводу жаңыдан көз карандысыздыкка жеткен жаш Кыргызстан үчүн илимий-техникалык прогресс менен индустриалдык гүлдөөнүн чыныгы символуна жетишкенин айталы. Совет мезгилинде бул жөн гана ишкана эмес эле – бүтүндөй союздун сыймыгы болгон, жабык режимдеги стратегиялык объект катары эсептелген, ал жерде союздун баардык бурчтарынан келген мыкты инженерлер, илимпоздор жана жумушчулар эмгектенишкен. 

«Дастан» заводунун ийгиликтери ушунчалык маанилүү болгондуктан, “Дастан” деген ысым нарицателдик мааниге ээ боло баштаганын эстейбиз. Аны күч-кубат, технологиялык секирик жана келечек менен байланыштырышкан. 1990-жылдары жаңы төрөлгөн балдарга Дастан деген аттар көп коюлуп, ошол доордун үмүтүнүн символу катары илимге, өнөр жайга жана жаркын келечекке карата ишенимдин белгиси катары кабыл алынган. Бул энергияны жаратууга багыттаганда кандай бийиктиктерге жетсе болорунун жандуу мисалы. Бирок ошол кездеги саясатчылар өндүрүш процессине дагы тоскоолдук кылышкан. Алар ишкананын чарбалык жана коомдук иштерине кийлигишкени өкүнүчтүү эле. 


(Уландысы бар)

Каныбек Осмоналиев, профессор 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер