Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Японияда калыңдыгы 2 метр болгон кар жаады

Японияда калыңдыгы 2 метр болгон кар жаады

20-декабрь, 17:34
390 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Кечээ, 19-декабрда Японияда калыңдыгы 2 метр болгон кар жаады. Андагы сүрөт жана видеолор социалдык тармактарга жүктөлдү. Белгиленгендей, өлкөнүн түштүгүндөгү Тохоку аймагындагы Ниигата префектурасында катуу суук болуп, рекорддук кар жааган. Метеорологдордун маалыматы боюнча жааган кардын бийиктиги Ямагата префектурасынын Окура айылында 2,2 метрге жакын, Ниигата шаарындагы Уонума шаарында 1,8 метрден ашкан. Бир катар шаарларда күн сайын кардын жаашы боюнча рекорддор жаңыланып жатканы кабарланды. Калың жааган кардан улам электр зымдары үзгүлтүккө учурап, 16 миңдей үй жарыксыз калды. Уюлдук байланыштарда дагы үзгүлтүктөр орун алды. Өлкөнүн кээ бир аймактарында 20-декабрда дагы катуу бороон болору эскертилди.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер