Мектепке 1-класстар гана барышат. Калган окуучулар онлайн режимде окушат
1-сентябрда 1-класска баруучу 156 миң окуучуга менчиктин түрүнө карабастан, мектептердин эшиги ачылат. Ал эми калган класстардын баардыгы онлайн режимде окутулат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн жыйынында билдирди.
«Быйылкы окуу жылы кандай өтөрүн элибиз күтүп жатат. Буга чейин министрлик бир нече варианттарды сунуштаган. Биринчиден, өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков баса белгилеп кеткендей, “мектепке барам” деп чыдамсыздык менен күтүп жаткан кичинекей балдарыбыздын тилектерин ишке ашырышыбыз керек. Биз да толук колдойбуз: 1-класстын 156 миң окуучусуна 100% мектептердин эшиктери ачылат. Баланын социалдык адаптациясы, окуу көндүмдөрү, колдун моторикасы өзүнүн жаш курагында калыптанышы абдан маанилүү. Ошол эле учурда, экинчи жагынан эпидемиологиялык кырдаалдын шарттары эске алынып, окутуунун алгоритмдери толук жана так иштелип чыксын», - деди Кубатбек Боронов.
Премьер-министр белгилегендей, жалпы аймактардагы эпидемиологиялык абал толук турукташа элек. «Прогноздор боюнча, кийинки толкундун чыгышы толук ыктымал. Ошондуктан министрлик калган варианттарды сунуштап жатканда вирустук кырдаалды эсинен чыгарбоого тийиш. Эпидемиялык абалдын курчуп кетишине жол ача турган учурлардын баардыгына бөгөт коюшубуз керек. Ал эми окуу процессин кийинки чейректерде жандандыруу маселеси өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен республикалык штабдын талкуусунан өтүүсү тийиш», - деди ал.
Aryba.kg