Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөм менен урушканда өлгөнгө да даяр болуп, жер кучактап боздоп жаттым

Күйөөм менен урушканда өлгөнгө да даяр болуп, жер кучактап боздоп жаттым

21-январь, 15:33
2 125 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биздин жашообузга бурулуш жасалган ошол күн дале бүгүнкүдөй көз алдымда. 

Балдарыбыз менен шаар четине эс алууга барганбыз. Ооба, бул күнү да Арсен демейдегидей “ишим көп” деди. Ага болбой мен да, балдары да “эс алуу күнү го” деп суранып жатып, шаар четине барып эс алууга макулдугун алдык. Бирок, жүзүндө бир кыжырлануу байкалып турду. Күнү бою кабагын да ачпады. Балдарын да, мени да кайра-кайра кагып-силкип, урушуп, тилденип жатты. Атасынын маанайын көргөн балдарым да ачылып кенен-кесири ойной алышпады. Бир жарым жашар уулум Умар атасынын алдында бейкапар ойноп отурган. Мен балдардын кийимин жыйнаштырып, кетүүгө камданып жаткам. Бир кезде Умар чырылдап ыйлап калды.

-- Ме, ал балаңды, эне болгон сенин десе!.. - Арсен ыйлап жаткан баланы жанына ыргытты. Анын кыйкырганынан чочуган балам ого бетер бакырып ыйлап калды. Баласынын ыйлап жатканына бир кылчайып карабай, тетирисинен жатып алып телефон чукулап атты. 

Жол бою келе жатканда да Арсендин мени кагып-силкени жаныма батып кетти. Анан машина токтогон жерден үн каттым:

-- Арсен, сага эмне болгон? Эс алганыбыздын артыгын чыгардың! Ушинтип эс алганча үйдө эле тынч отура берсек болмок экен...

-- Энеңди... отура бербейт белең анан! - Күч менен жаакка бир чапты. Жерге жыгылып түштүм. Дагы тепкилеп жатты. 7 жаштагы кызым Айзуура менен 5 жаштагы уулум чырылдап машинадан түшүп келишип, атасынын буту-колуна жабышты. Мен дагы оозума келген сөздү айтып, бакырып-өкүрүп ыйлап жаттым: 

-- Сен бүгүн жолукмаксың аныңа! Жолукпай калдың, ошону менден чыгарып жатасың!

Ошол учурда мага баары бир болуп калды. Оозума келген сөздүн баарын айтып жаттым. Өлгөнгө да даяр болуп турдум. Жер кучактап боздоп жаттым.  Анткени баары жаныма батты. Арсен өзгөрдү. Бейтааныш келин менен жакын болуп жүргөнүн уктум. Ал гана эмес телефонунан сүйлөшкөн сөздөрүн өз көзүм менен көрдүм. Бүгүн да балким ал жалжалы менен кездешмектир... Мен ушундай жашоого татыктуу белем? Каңырыгым түтөп, жашоо астын-үстүн болуп турду... Бир убакта жоошуй түшкөн Арсен:

-- Көптөн бери жарыла албай жүрдүң эле, бугуң чыктыбы? Кетели. Балдар да чарчашты.

-- Жок, мен кетпейм. Эми каалаган жагыңа кете бер. Эми экөөбүздүн жолубуз эки айрылыш!

-- Жок, Айдай, балдарды чочутпачы. Кетели үйгө?

Чындап эле менин ошол сааттарда Арсен менен биротоло ажырашкым келип турду. Айласы кеткен Арсен жалдырай баштады. Эч качан кечирим сурабаган күйөөм кечирим да сурады. Балдар үчүн айласыз үйгө кайттым. Ошол күнү айтылбаган сөздүн баары айтылды. Ошондон тарта гана Арсен өзүнүн кемчиликтерин түшүндү. Менин чындап көңүлүмдүн калганын да түшүндү. Арсенди эки жол күтүп турган. Ал ойлонду, анан өзгөрдү. Бейтааныш келин менен болгон мамилеси да үзүлгөндөй болду. Ошондо гана чайпалган, чыр-чатактуу күндөр артта калып баратты. Акыркы күндөрү аял менен эркектин мамилеси тууралуу психологдордун жазгандарын, дагы башка маалыматтарды көп окудум.  Бүгүн мен да өзгөрдүм. Өздөрүн аябай, өздөрүнө жакшы көйнөк, жакшы жашоо ыраа көрбөй, күйөөлөрүнүн көзүн карап, “балдарым” деп карып баратышкан, эми өзгөрүлбөй турган кайненем менен апамды аяп жүрөгүм ооруп турду...

Айдай Акылбекова

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер